Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 6 март 2020

Бишкекте 4- март күнү “Лингва” коомдук фонду уюштурган “Access” англис тили микро-стипендиялар программасынын ачылышы болду. Анда Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы атындагы медресе жана И.Арабаев атындагы университеттин Теология колледжинин окуучулары аталган программага өткөндүгү тууралуу сертификаттарды алышты.

null

Иш-чарага муфтияттан, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан өкүлдөр жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональ Лу катышты.

Жогорудагы диний окуу жайлардын студенттери эми 2 жыл бою англис тили боюнча интенсивдүү курстарды акысыз негизде ала алышат.

“Лингва” коомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Назарбекова “Access” программасы студенттерге англис тилин үйрөнүү, лидерлик сапаттарын өркүндөтүү, потенциалын ачууга мыкты шарттарды түзөрүн баса белгиледи:

null

“Биздин фонд бул программага медресе менен теологиялык колледждин студенттерин сунуштадык. Буюрса, окуучулар программадан өзүлөрүнө керектүү билимди алып, коомго пайда келтирген өз өлкөсүнүн активдүү жараны болоруна үмүттөнөбүз. Биз бул программаны аз камыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесиз калган балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге да уюштуруп келебиз”,
-деди ал.

Теология колледжинин студенти Эламан Кубанычбек уулу бул программага мотивациялык кат жазып, кабыл алынып, окуп баштаганына 3 ай болду.

“Келечекте динибизди башкаларга так жана туура жеткирүүдө кызмат кылгым келет. Дин жайылтууда тил – негизги курал. Ошондуктан, англис тилин үйрөнүп жатам”,
- деди ал.

null

И.Арабаев атындагы Теологиялык колледждин студенти Таалайбек кызы Гүлшатка программанын окутуу методикасы абдан жаккандыгын баса белгиледи.

“Эң чоң кыялдарымдын бири – саякаттоо. Бул үчүн англис тили сөзсүз керек. Учурда кызыгуу менен окуп жатабыз”,
- деди ал.

Access англис тили микро-стипендиялык программасы 2004-жылы түзүлгөндөн бери ага 80ден ашык өлкөдөн 150 000ден ашуун окуучу катышкан. Аталган программа АКШнын Мамлекеттик департаментинин көмөгү менен социалдык жактан аз камсыз болгон 13-20 жаштагы таланттуу жаштарга англис тилин 2 жыл бою үйрөтүп, аларды колдоого алып келет. Программанын негизги максаты - англис тилинде эркин сүйлөгөндү үйрөтүү. Аны менен бирге түрдүү маданиятты, жарандык карым-катнашты, маалыматтык технология жана лидерлик сапатты өстүрүү.

1 / 12



Башка жаӊылыктар
Казакстандын белгилүү дин аалымы Абдыгаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды
2 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
9 июль 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:32
Бешим
13:07
Аср
18:24
Шам
20:46
Куптан
22:27