Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 13 март 2020

Мекендешибиз Кайрат Стамбеков Жаңы Зеландиядагы бейкүнөө 51 адамдын өмүрүн алган теракт болгон “Аль-Нур” мечитин зыярат кылып, ал жердеги акыбалды өз көзү менен көрүп келди.

null

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы “Аль - Нур” жана “Линвуд” мечиттеринде үрөй учурган терактка быйыл 1 жыл болот. Өткөн жылдын 15-мартында жума намазы учурунда Брентон Таррант аттуу 28 жаштагы террорист аталган мечиттерге кирип келип, алдынан чыккан кишилерди катары менен ырайымсыз ата баштаган. Мечиттеги уюштурган кыргынын ал Facebook’тан түз алып көрсөткөн.

Кайрат Стамбеков туризм тармагында иштегендиктен, иш сапары Крайстчерч шаарына туш келип, ал “Аль-Нур” мечитин зыярат кыла кетүүнү чечкен.

“Бул шаарга жумушка байланыштуу келгендиктен убактым өтө аз болчу. Ошого карабай, мечитке кире кетпесем болбойт дедим. Сапарым бешим намазы убагына туш келди. Мечит кадимкидей эле иштеп жатыптыр. Ичине киргенде өтө деле коркуу сезими болгон жок. Анткени элдер кадимкидей намазын, Куранын окуп жатышыптыр. Кичинекей балдар ойноп жүрүшөт. Жүздөрүнөн жылмаюуну да байкоого болот. Жалпысынан абал тынч. Мечиттин имамы туристтер менен сүйлөшүп, бошобой жаткандыктан, өзүмдүн да убактым чектелүү болгондуктан аны менен сүйлөшө албадым. Бул жактагы жергиликтүү ата менен кыска маектешүү болду. Ал: “Эми андан бери 1 жыл өттү. Элдер ал каргашалуу күндү унутканга аракеттенип жатышат. Жакындарын жоготкондор менен баарыбыз биргеликте алар үчүн дуа кылабыз. Ачык айтышпаса да, элдердин жүрөгүндө бир аз коркунуч сезим бар. Мындай массалык кыргындан кийин эч нерсе болбогондой баарын унутуп коюу оңой эмес”, - деди. Анын айтымында, 60-70 тей жергиликтүү тургун мечитке дайым келип турушат экен”,
- дейт Кайрат мырза.

Эске салсак, бул кандуу терактта 51 адам набыт кетсе, алардын эң улуусу 71 жаштагы афганистандык инженер Дауд Наби, ал эми эң кенжеси Мукад Ибрахим аттуу 3 жаштагы бала эле.

Эл аралык массалык маалымат каражаттары бүгүнкү күндө аталган мечиттерде терактын 1 жылдыгына карата коопсуздук тартиби күчөтүлгөнүн жазып жатышат.



Башка жаӊылыктар
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт
27 май 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Намаз убактылары
8 июль 2020г.
Багымдат
3:19
Күндүн чыгуу
5:31
Бешим
13:07
Аср
18:24
Шам
20:47
Куптан
22:27
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов