Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 25 март 2020

“Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга 250 миң доллар бөлдү. Бул 19 миллион 750 миң сомду түзөт. 250 миң доллардын 27 миң доллары (2 миллион сом) Финансы жана Саламаттыкты сактоонун ачык эсебине которулду. Бул тууралуу аталган бирикменин өкүлү Кайрат Молдобаев билдирди.

null

Ал эми калган суммага бир даана атайын дем алдыруучу (ИВЛ) жана бир даана электросордургуч медициналык аппараттарын аталган фонд Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына өткөрүп берди. Ушундай эле кымбат баалуу дагы эки аппарат (ИВЛ) жана 14 миң даана экспресс-тесттер, тиешелүү медициналык каражаттар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылат.

Мындан тышкары, «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси азыркы оор кырдаалда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө күнүмдүк турмушка эң керектүү азыктар жана каражаттарды таратууда.

null

Алсак, Чүй жана Баткен облустарындагы үч социалдык шаарчалардын тургундарына азык–түлүк, жууп-тазалоочу жана зыянсыздандыруучу каражаттар таратылды.

Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылында жесир жана көп балалуу жалгыз бой энелер үчүн салынган социалдык шаарчада жашап жаткан 100 үй-бүлөгө жууп-тазалоочу жана зыянсыздандыруучу каражаттары, азык-түлүк топтомдору ( ар бир үй-бүлөгө 1 мүшөктөн ун, 5 кг кант, 5 литр өсүмдүк майы, 5 кг макарон, 5 кг күрүч, чай жана 5 кг кесме) берилди. Ушундай эле жардам Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылындагы социалдык шаарчанын 68 үй-бүлөсүнө жана Баткен облусунун Баткен шаарындагы социалдык шаарчада жашаган 106 үй-бүлөгө да көрсөтүлдү.

“Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн айтымында, жогоруда айтылган үч социалдык шаарчалардын тургундарын колдоо жана жардам берүү иштери өлкөдөгү өзгөчө кырдаал бүткүчө улантылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесине каражат кувейттик мусулмандардын кайрымдуулугунан келип түштү.

1 / 8



Башка жаӊылыктар
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
"Кыз Куран" курсу Куран жана тажвид үйрөтүүгө кабыл алууну жарыялайт
12 август 2020
Бейруттагы жарылууда жумушчунун иш бөлмөсүнөн бир кагаз да жерге түшкөн эмес. Себеби
11 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Улуу аалым Саид Нурсинин айтканы келди: Айя Софияда 350 миң адам жума-намазын окуду
25 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди
11 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт
27 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
25 сентябрь 2020г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:52
Бешим
12:53
Аср
17:06
Шам
18:58
Куптан
20:29