Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 30 март 2020

Жалал-Абад шаарынын тургуну Тахмина Аманова жолдошу экөөнүн айлык акысына кездеме сатып алып, беткап тигип, аскер, милиция, саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана элге бекер таратышты.

%article_title%

Коронавирусту алгачкылардан болуп жуктуруп алгандар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары болуп чыгышты.

Жалал-Абаддын тургуну болгон Тахмина Аманова бул маалымат тарары менен эл дүрбөлөңгө түшүп, дарыканалардан беткап, антисептикалык каражаттарды, дүкөндөрдөн ун жана жууп-тазалоочу каражаттарды эл талап алышканын айтты.

“Базарда мурун 5-10 сомдон сатылчу беткаптын баалары 50-60 сомго чыгып кеткенин көрүп таң калдым. Таң калып эле койбой, элдин башына ушундай оор күндөр түшүп жатса, мындан акча жасагысы келгендерге абдан капа болуп, жүрөгүм ооруду”,
-
дейт Тахмина.

Тахминанын кесиби дизайнер болгондуктан, ага жакындары: “Беткап тигип, арзаныраак кылып сатпайсыңбы”,- деп сунушташкан.

Алгачкы ой мына ушундан чыгып, Тахмина дароо базарга барып, өзүнүн акыркы айлыгына керектүү материалдарды алып, көп жолу колдонууга жарамдуу беткаптарды тигет. Бирок ал беткаптарды акчага саткысы келген эмес. Жардам катары ага муктаж болгон элдерге таратууну каалаган.

“Жолдошум аскер кызматкери болгондуктан, ал мага: “Мындай өзгөчө кырдаалда элдердин көбү үйдө отурушат. Сенин беткаптарыңа азыр аскер кызматкерлери, милиция жана медиктер өтө муктаж. Ошол жакка таратканың туура болот го”,- деген кеңешин берди. Ошондуктан, биз алгачкы тиккен беткаптарыбызды аскер бөлүгүнө алып барып бердик.

Эми анда иштегендердин кубанганын айтпаңыз. Алар буга өтө муктаж экен. Бизге кайра-кайра ыраазычылыгын билдирип жатышты. Мына ушул окуя жашоомдо эл үчүн кылган чоң эмгегим болду окшойт. Алар сүйүнсө мен андан бетер сүйүнүп, мындан да көп беткап тигип, бекер тараткым келди. Эл үчүн жашайт деген ушул турбайбы дедим ичимден” ,

- дейт мекендешибиз.

Тахминанын жолдошу аскер кызматкери болгонуктан, Жалал-Абадда өзгөчө кырдаал киргенден бери ал үйүнө келе элек. Тахмина үйдө бош отура бербей, беткап тигүүнү улантууда. Бүгүнкү күнгө чейин ал 3000 ден ашык беткап тигип, баарын тең муктаж адамдарга акысыз таратты. Ал эми аны тигүүгө керектүү материалды Тахмина жолдошунун айлыгынан алганын айтат:

“Садака балээлерден куткарат дегенге биз ишенебиз. Ошондуктан, мен жолдошума айттым: “Азыр үйдө мен жалгыз элемин. Тамак-ашка азык-түлүк көп деле кетпейт. Турган айлыкты үйгө кармап эмне кылабыз. Андан көрө мамлекетибизге, элибизге колдон келген жардамды берели. Биз беткап тигип баштасак, эл дагы бул кайрымдуулукка кошулулушу мүмкүн. Мына ошентип, базарда, дарыканаларда кымбат сатылып жаткан беткаптарга талап азайса, алар да бааларын түшүрөт дедим”,- жолдошума.

Тахмина бул кайрымдуулук акциясынын кыйынчылыкта беткаптан акча жасап жаткандарга сабак болуусун каалаган. Ал тигүү иштерине өзүнүн жумушундагы ыктыярчы кыздар да жардам бергенин баса белгиледи.

Тахминанын акциясы интернет аркылуу тарап кеткендиктен, андан жардам сурап, беткап жөнөтүүлөрүн сурангандар көп болгон. Мисалы, Ноокат районунан медицина кызматкерлери беткап жетишпей жатканын жазып, өтүнүшкөн. Ошол эле мезгилде, “Биз да үйдө бекер отурабыз. Тиккенди билебиз, жардам берели”,- деп жардам колун сунгандар да арбын болгонун Тахмина кубануу менен белгилейт.

“Негизи элибизде колунан келген жардамын аябаган адамдар өтө көп экен. Болгону бул иштин башын баштаганды билүүбүз зарыл турбайбы дегенге көзүм жетти. Мисалы, башында мен беткаптарды жалгыз тиксем, кийин жардамдашабыз деген адамдарга бычып берип, жөнөтүп жаттым, алар тигип, таратышты”,- дейт ал. Ошентип, баары биргеликте Жалал-Абаддын бир нече айылдарын, Баткендин райондорун акысыз беткап менен камсыздашты.

“Бүгүнкү күнгө чейин беткап керек деп жазгандар көп. Демек, талап бар экен. Элдин талабы токтомоюнча беткап тигип, акысыз таратууну уланта беребиз”,-дейт Тахмина.

Азыркы тапта Тахмина баштаган акция “Элден элге бекер беткап” аттуу долбоорго айланып, мамлекет тарабынан да колдоого алынды. Акысыз такси кызматтары түзүлүп, Ош, Жалал-Абадга беткаптарды кенен таратканга мүмкүнчүлүк болду. “Кайрымдуу инсандар да колдоо көрсөтүп, акча которушууда. Жети облусттан чеберлер долбоорго катышып, беткап тигип башташты. Азыр 500 беткапты айылдарга салып жатабыз.

Мен бычып берем, алар тигип, кайра жөнөтүшөт. Бишкектен да кездемелерди алууга, шаар ичинде акысыз такси кызматтарын орнотууга мүмкүнчүлүк болсо сонун болот эле. Элибизди өзүбүздүн чеберлердин колунан жасалган, сапаттуу, көп жолу колдонууга жарамдуу акысыз беткаптар менен камсыз кылмакбыз. Балким буга көмөк болчу адамдар да табылып калар”,- деп сөзүн жыйынтыктады кайрымдуу мекендешибиз Тахмина.

Эске салсак, бүгүнкү күндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 94 кө жетти. Республика боюнча киргизилген өзгөчө абал режими уланууда. Медицина кызматкерлери калкты үйдөн чыкпоо, карантин эрежелерин бекем сактоону суранышууда.



Башка жаӊылыктар
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
"Кыз Куран" курсу Куран жана тажвид үйрөтүүгө кабыл алууну жарыялайт
12 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Москвада кыргыздар Курман Айтты чоң шаң менен белгилешти
4 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Курман Айт намазы окулбайт
27 июль 2020
Улуу аалым Саид Нурсинин айтканы келди: Айя Софияда 350 миң адам жума-намазын окуду
25 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди
11 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Казакстандын белгилүү дин аалымы Абдыгаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды
2 июль 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Мусулмандардын эл аралык «NAMA» фонду Кыргызстанга жардам берет. Тизмеси менен таанышыңыз
8 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт
27 май 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар
Намаз убактылары
27 сентябрь 2020г.
Багымдат
5:20
Күндүн чыгуу
6:55
Бешим
12:52
Аср
17:03
Шам
18:54
Куптан
20:26