Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды

Автору: Айкөл Болотбекова, - Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 17 апрель 2020

1 ай мурун “UMMA” ислам журналы медициналык персоналды жана доктурларды индивидуалдык коргоо каражаттары менен камсыздандырууда мамлекетке жардам берүү максатында “Доктурларды коронавирустан коргойбуз” аттуу девиз менен акцияны баштаган. Акцияны жөнөкөй жарандардан баштап жеке компанияларга чейинки жүздөгөн адамдар колдоду. Бул акциянын алкагында жалпысынан 1 млн. 102 500 сомго 1225 даана көп жолу кийүүгө жарамдуу 1225 коргоочу комбинезон таратылды.

null

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланган 1-күнү, 22-мартта, “UMMA” ислам журналы “Доктурларды коронавирустан коргойлу” девизи менен кайрымдуулук акциясын баштаган. Каражат чогултуу үчүн ЭлСом жана Сбербанктан атайын эсептер ачылган. Акциянын биринчи эле күнү эсепке акчалар которулуп, түрдүү уюмдардан өзүлөрүнүн салымын кошкусу келерин билдирген каттар түшүп жатты.

null

Алгачкы тапшырма мындай костюмдарды издөө болду. Чек аралардын жабылып калганына жана сырьенун чектелгенине байланыштуу көп жолу колдонууга жарамдуу комбинезондорду Бишкекте тиктирүү чечими кабыл алынды. Мына ушундай максат менен “UMMA” ислам журналы санитариянын бардык нормаларына жооп берген тиешелүү кездемеге буйрутма берип, өзүнүн тигүү цехин убактылуу түрдө коргоочу комбинезондорду тигүүгө багыттаганга макул болгон өндүрүшчүнү тапты. Акцияны жүздөгөн адамдар колдоду: алардын арасында мигранттар, кайрымдуулук бирикмелери, жеке уюмдар жана атайын ачылган эсепке акча которгон жөнөкөй жарандар бар.

Жеке жана коомдук фонддордон чоң салымын төмөндөгүлөр кошту:

Москвадагы аял-мигранттардын “Айымдар kg” бирикмеси, “Күч бирдикте” кайрымдуулук коому, “Альянс” алмашуу бюро ассоциациясы, “Мигрант” кайрымдуулук фонду, Москвадагы “Кара-Кулжа” бирикмеси, “Аярзат” коомдук бирикмеси.

Жеке адамдардан чоң салымын Оштогу ишкер Калмамат Анапияев, Москва жана Америка Кошмо Штаттарында иштегендер көрсөтүштү.

Мисалы, Калмамат Анапияев өзүнүн атынан түндүк регионунун медициналык кызматкерлерине 500 даана коргоочу комбинезон тиктирди.

Жыйынтыгында, акция учурунда 1 млн. 102 500 сомго 1225 коргоочу комбинезондорду сатып алууга мүмкүн болду. Алардын баары Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облусунун медициналык персоналына өткөрүп берилди.

- 15 комбинезон Бишкектеги “Тазалык” муниципалдык ишканасына, андагы химиялык препараттар менен иш жүргүзгөн жана шаардын көчөлөрүн дезинфекциялаган кызматчыларга тапшырылды;

- 30 – Бишкектин шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына;

- 15 –Бишкектеги блокпосттордо нөөмөткө чыгып жаткан №2 шаардык стоматологиялык поликлиниканын медперсоналына;

- 30 - Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында жайгашкан обсервацияга;

- 150 комбинезон Чүй облусттук ооруканасы, шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы, Улуттук госпиталь, ИИМ поликлиникасына, Балыкчы, Таластагы шаардык ооруканаларга, ошондой эле, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине берилди;

- 20 - №6 шаардык стоматологиялык поликлиниканын доктурларына жана мед.кызматкерлерине;

- 15 – Токмоктогу шаардык ооруканага;

- 20 – 20 колонияда иш алып барган жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын доктурларына;

- 5 – Токмоктогу поликлиникага;

- 60- Ысык-Көл облусунун мед.кызматкерлерине;

- 50 – Нарын облусуна;

- 150 – Ош облусттук ооруканасынын кызматкерлерине;

- 100 – Жалал-Абад облусттук ооруканасына;

- 250 комплектти Ноокат, Баткен, Өзгөн, Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондорунун доктурлары алышат;

- 150 костюм, 1 километр шейшеп жана 150 000 сом өлчөмүндөгү акчалай жардамды Алай району алды;

- 75 коргоочу комбинезон, 16 антисептик кутучасы жана 68 коргоочу көз айнек Ош облусунун Кара-Кулжа районунун медициналык кызматкерлерине жөнөтүлдү;

- 100 костюм Чүй облусунун ооруканаларына жөнөтүлдү;

Комбинезондордон тышкары медициналык бет каптар жана азык-түлүк түрүндөгү жардамдар дагы көрсөтүлдү. Мисалы, Москвадагы “Кара-Кулжа” кайрымдуулук бирикмеси Кара-Кулжа районунун медициналык кызматкерлерине антисептиктен турган 16 кутуча, 68 коргоочу бет кап беришти, “Альянс” алмашуу бюро ассоциациясы -1000 бет кап, 60 литр антисептикалык каражат жана жардамга муктаждарга 65 азык-түлүк баштыгын алышты, “Аярзат” коомдук бирикмеси болсо Алайдагы ооруканага 1 километр шейшеп, 150 000 сом өлчөмүндөгү акчалай кайрымдуулук, ошондой эле, 180 000 сомго колунда жок үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүштү.

Ушунун менен “UMMA” ислам журналы “Доктурларды коронавирустан коргойбуз” аттуу акциясын жыйынтыктайт. Башында 700 коргоочу костюм таратуу пландалса, жыйынтыгында анан да көп жардам көрсөтүүгө мүмкүн болду.

1 / 4



Башка жаӊылыктар
Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт
27 май 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
"Ассанабил" фонду Бишкектеги атасыз жетим балдарга жөлөк пул тапшырып, оюн-зоок уюштурду
31 январь 2020
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Намаз убактылары
27 май 2020г.
Багымдат
3:19
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
12:59
Аср
18:14
Шам
20:34
Куптан
22:12
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов