Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда

Автору: "умма" журналы / Жарыяланды: 18 апрель 2020

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштарынын ассамблеясынын (БДЖА) "Бир билек - бир тилек" аттуу кайрымдуулук долбоору старт алды. Бул тууралуу аталган ассамблеядан билдиришти.

null

КРнын аймагында жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу жумушсуз калган, тамак-аштан кыйналган, өзгөчө социалдык коргоого муктаж жарандарга азык-түлүк таратылууда. Жардамдар Республикалык штабдын сунушу жана Бишкек шаардык мэриясы берген тизме боюнча таратылууда.

Долбоордун алгачкы күнү КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана БДЖАнын Кыргызстандагы президенти Мухаммад Мадинин катышуусунда Калыс-Ордо конушунун тургундарына берилди. Ошондой эле Мурас-Ордо конушу, Октябрь районундагы №6, 8, 9, 10, 11 МАБ(муниципалдык аймактык башкармалыгы) аймагында жашаган муктаж жарандарга берилди. Жалпысынан Бишкек шаарында жашаган 2000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.

"Ар бир берилип жаткан тамак-аш кутусу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда, алар түзгөн тизме боюнча тапшырылып, ассамблеянын ыктыярчыларынын көзөмөлүндө берилип жатат. Эгерде кандайдыр бир туура эмес дарекке бериле турган жагдай байкалса, ошол жерден артка кайтарылып, башка чыныгы муктаж жаранга берилүүдө",-дешет ассамблеядан.

Буга кошумча Ассамблеянын атынан жалпысынан дагы 4 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылат. Жакынкы күндөрү республиканын башка аймактарына дагы бериле баштайт.

1 / 9



Башка жаӊылыктар
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
"Ассанабил" фонду Бишкектеги атасыз жетим балдарга жөлөк пул тапшырып, оюн-зоок уюштурду
31 январь 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 май 2020г.
Багымдат
3:19
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
12:59
Аср
18:14
Шам
20:34
Куптан
22:12