Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 11 май 2020

Бүгүн орозонун 18- күнү. Орозо айында берилчү садака-фитирди Рамазандын соңуна, айтка чейин берүү зарыл. Садака-фитирдин өлчөмүн жана кандай жолдор менен бере аларыңызды эскертебиз.

Садака-фитирди берүү - ар бир колунда бар адамга важиб. Важиб - бул парз сыяктуу такай аткарылышы талап кылынбаган, бирок күчтүү далилдер менен аныкталган иш-аракет жана милдеттер. 

Пайгамбарыбыз (САВ):

“Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” — деп бекиткенин азирети Умар айткан.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы  өлкө боюнча 2020-жылга карата садака-фитирдин баасын бекитти.

%article_title%

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

Азыркы карантин шартында садака-фитирди берүү жолдору

1- РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы 2020-жылдагы фитир-садаканы берүүнүн электрондук системасын РСК банкы менен биргеликте иштеп чыкты.

Фитир-садаканы, зекетти берүүдө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын РСК банктагы эсебине РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот.

2- Республиканын бардык аймагындагы Pay24 терминалдары аркылуу садака-фитирди, зекетти жана башка кайрымдуулуктарды берүүгө мүмкүн.

Акча каражаттары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

Ал үчүн сиз:

Өз аймагыңыздагы Pay24 төлөм терминалдарына барып, «Кайрымдуулук» бөлүмүнө киресиз. Ал жерден «Садака-фитир», «Зекет» же «Кайрымдуулук жетим балдарга» бөлүмүн тандап аласыз. Андан соң «Реквизиттер» сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтөсүз.

3- Вalance.kg тиркемеси аркылуу бере аласыз

Вeeline абоненттери садака-фитирди, зекетти жана башка кайрымдуулуктарды balance.kg тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпастан бере алышат.  

Акча каражаттары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

balance.kg тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алсаныз болот.

Ал үчүн сиз:

«Кайрымдуулук уюмдары» бөлүмүнө кирүү;

Зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

«Реквизиттер» сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.

4- Садака-фитирди MegaPay тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпастан берсеңиз болот

Акча каражаттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

Ал үчүн:

MegaPay тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;

«Кайрымдуулук» бөлүмүнө кирүү;

Битир садага, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

«Реквизиттер» сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.



Башка жаӊылыктар
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
"Ассанабил" фонду Бишкектеги атасыз жетим балдарга жөлөк пул тапшырып, оюн-зоок уюштурду
31 январь 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 май 2020г.
Багымдат
3:19
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
12:59
Аср
18:14
Шам
20:34
Куптан
22:12