Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 13 май 2020

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы карантин эрежелерин сактабай, үйдө ооз ачарларды уюштуруп, топтолуп алып таравих намаздарын окуп жаткандарга кайрылуу жасап, аларды тартипке чакырды.

%article_title%

“Өлкөбүздөгү жана жалпы эле дүйнө жүзүндөгү кырдаалга байланыштуу үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачар уюштурбагыла, таравих намаздарын үйдө окугула. Кафе-ресторандар жабык. Үйдө ооз ачтыруу тамактарын уюштура берсек болот экен дебегиле”,- деди муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Максатбек ажы тартипке баш ийүүдө береке бар экенин баса белгиледи.

“Пайгамбарыбыз (САВ): “Кайсы жерде эпидемия чыккан болсо, ошол жерден эч ким чыкпасын, ал жерге эч ким барбасын. Контактты үзүп, ар ким өзүнүн турган жеринде калсын”,- деп айткан. Бул утурумдук сыноо, түбөлүк эмес, биздин көзүбүзгө түбөлүк сыноодой сезилиши мүмкүн. Көп-көп дуа кылалы. Бул күндөр да жакында соңуна чыгат. Мыйзамдарды сыйлайлы. Анткени, анда бардык элдин коопсуздугу турат”,- деди муфтий.

Эсиңиздерге салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана Аалымдар кеңеши таравих намаздарын окуу жана ооз ачарларды ар бир жаран өз үйүндө гана өткөрүшү керектиги тууралуу фатва (диний өкүм) чыгарган. Исламда фатвага (диний өкүмгө) баш ийбөө Аллах Таалага баш ийбөө болуп саналат.

13-майга карата Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 1044 адамдан табылды. Алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары – 726 адам.



Башка жаӊылыктар
Кадыр Маликов: “Муфтият пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) кордогон карикатураларды расмий айыптайт”
26 октябрь 2020
Муфтият айымдарга арнап онлайн-сабак уюштурууда. Эртең саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов сабак өтөт
21 октябрь 2020
Муфтий Максатбек Токтомушев митингде жаракат алган бейтаптардан кабар алды
9 октябрь 2020
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
"Кыз Куран" курсу Куран жана тажвид үйрөтүүгө кабыл алууну жарыялайт
12 август 2020
Бейруттагы жарылууда жумушчунун иш бөлмөсүнөн бир кагаз да жерге түшкөн эмес. Себеби
11 август 2020
Курман айттын берекеси: Түркия элчилигинен бөлүнгөн 407 кг эт өз дарегине жеткирилди
6 август 2020
Москвада кыргыздар Курман Айтты чоң шаң менен белгилешти
4 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Курман Айт намазы окулбайт
27 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди
11 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Мусулмандардын эл аралык «NAMA» фонду Кыргызстанга жардам берет. Тизмеси менен таанышыңыз
8 июнь 2020
Намаз убактылары
31 октябрь 2020г.
Багымдат
5:59
Күндүн чыгуу
7:35
Бешим
12:45
Аср
16:14
Шам
18:00
Куптан
19:32
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов