Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 27 май 2020

Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт.

%article_title%

Жакынкы арадан тарта Токтогул районуна караштуу 44 айылда спирт ичимдиги сатылбайт. Учурда мыйзам чегиндеги сүйлөшүү иштери жүрүүдө.

Токтогул районунун айылдарында спирт ичимдигине тыюу салуу, ал эми Токтогул шаарында аларды сатууга чектөө киргизүү боюнча акцияны “Токтогул жаштар биримдиги” демилегелеп, ишке ашырышууда.

Бул тууралуу аталган уюмдун мүчөсү Байдылдаев Жеңиш “Умма” журналына айтып берди.

%article_title%

“Биз Токтогул шаарынын акими жана жергиликтүү бийлик менен келишим түзүп, мыйзам чегинде спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу боюнча иш алып барып жатабыз. Демилгебиз айыл тургундарынын 95%нан колдоо тапты. 15 миңге жакын ата-апалар кол коюп беришти. 2 айдан бери 44 айылдын дүкөндөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келишимдерди түздүк ”,- дейт Жеңиш мырза.

%article_title%

Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, айылдыктардын көпчүлүгү демилгени колдоп берсе жергиликтүү бийлик аны ишке ашырууга милдеттүү болуп калат. Айылдык депутаттар спирт ичимдиктерин сатпоого токтом чыгарып, эрежени бузгандарга айып пулдар иштелип чыгат.

%article_title%

“Азыркы тапта бул процесстин 95% ы бүтүп калды. Элдин бул кадамга моралдык жана руханий жактан даяр экенин түшүндүк. Биздин акцияны Чубак ажы баштаган аалымдар, депутаттар, эстрада ырчылары, акындар жана белгилүү спортчулар колдошту. Учурда башка региондор жана чет жактагы диаспоралар менен иштешип жатабыз. Кыргызстандын бардык айыл аймактарында ушул иш-чараны өткөрүү ниетибиз бар. Жакында эле бул иш-чараны Жалал-Абадда да уюштуралы деген активист биз менен байланышты. Диний жана юридикалык сабаты бар адамдардан турган командабыз иш алып барууда. Элибизди бул жаман адаттан арылтууга комплекстүү мамиле жасап, жөн эле тыйып койбой, түшүндүрүү жана үгүт-насаат иштери да жүрүүдө”,- дешет уюштуруучулар.

%article_title%

Ал эми шаарда алкоголь суусундуктарын сатууга тыюу салуу мүмкүн эмес, мыйзам тарабынан жол жок. Бирок белгилүү чектөөлөрдү киргизүүгө мүмкүн.

“Кечки саат 9 дан эртең мененки 8 ге чейин спирт сатылбасын. Жаш, өспүрүм балдарга спирт ичимдиктери сатылбасын деген талапты коебуз”, - дейт Жеңиш мырза.

%article_title%

Ал, ошондой эле, бул акцияны дүкөндөр да колдоого алып, баннерлерди сатып алууга өзүлөрү демөөрчү болуп жатканы абдан кубандырганын баса белгиледи:

“Алкоголь суусундуктарын дүңүнөн алып келген бир ишкер бар. Ал экинчи спирт ичимдиктерин алып келбөөгө сөз берди”.

%article_title%

Белгилей кетсек, ичкиликке каршы бул акциянын уюштуруучусу болгон “Токтогул жаштар биримдиги” уюмунда чет жерде эмгектенип жүргөн Токтогулдун активдүү жаштары мүчө.

Бул иш-чаранын максатын жана ал кантип башталганын Жеңиш мырза мындайча түшүндүрдү:

“Биз көп жылдан бери мекенибизден сырткары чет өлкөдө эмгектенип жүрөбүз. Бул жерде каза болгон мекендештерди баарыбыз акча чогултуп, “Груз 200” менен жөнөтөбүз. Алардын 50%ы -ичкиликтин азабынан каза болгон туугандар. Ичкилик канчасынын өмүрүн алды. Ошондуктан ушул иш-чараны баштадык. Элеттен активист балдарды топтой баштаганбыз. Ар бир айылдын имамдары, жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, баш аягы бул иштин башталагына 8 ай болду. Анча-мынча дүкөндөр эле каршы чыкпаса көпчүлүгү колдошту”.

%article_title%

Акциянын уюштуруучулары массалык чогулушка уруксат берилгенде Токтогул шаары боюнча “Спирт ичимдикке каршыбыз” деген чоң акцияны өткөрүшөрүн кошумчалашты.

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Москвада кыргыздар Курман Айтты чоң шаң менен белгилешти
4 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Курман Айт намазы окулбайт
27 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49