Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 2 июнь 2020

Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча бардык мечит, медреселер жабык. Алардын качан ачыларын так айтуу кыйын экендигин муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов “Умма” журналына билдирди.

%article_title%

“Коомчулук дин маселесине карата мамиледе абдан сезимтал экендигин жакшы билебиз. Коронавирус Кыргызстанда алгач табылган учурда “бул ооруну кичи ажылыкка баргандар алып келбесе, биз оорубайт элек” дегендер аябай көп болду. Коомдогу мындай мамилелер мамлекет жетекчилеринин да тынчын алып койгондой. Динибизде ибадат канчалык жоопкерчиликтүү болсо, ошол эле учурда адамдардын ден соолугу, абийири жана сезими да ошончолук кымбат. Ошондуктан, бул маселени адамдардын кабылдоосуна доо келтирбегендей кылып уруксат берели деп тиешелүү органдар аракет кылып жатышат”,- деген комментарий берди Акимжан Эргешов.

Ал эми муфтияттын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Максат Атабаев мечиттердин качан ачылары тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасында буларды жазды:

“Урматтуу мусулман бир туугандар, достор, эжекелер жана карындаштар!

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши мусулмандардын башында турган жооптуу мекеме болгондон кийин мечиттердин ачылуусу боюнча буга чейин эле тиешелүү мекемелерге атайын кат аркылуу кайрылып келген жана кайрылып келет. Мамлекетибиз тарабынан этап- этабы менен ачылган жайлар (базар, цехтер ж.б) учурунда дагы мечиттердин ачылуусу боюнча дайыма өзүнүн сунуштарын берип келген. Бул жаатта КМДБ өзүнө тиешелүү болгон бардык милдеттерди так аткарган. Буюрса мечиттердибиздин ачылуусуна аз калды. Сабыр кылып, мамлекетибизде бул оорунун жок болушу жана ооруп калган мекендештерибиздин тез сакайып кетүүсү үчүн дуба кылалы!

Учурда муфтият тарабынан мечиттерде карантиндин эрежелерин сактоо боюнча атайын тартиптер иштелүүдө. Мечиттерибиз ачылып калса жарандарыбыздын ден соолугу жана коопсуздугу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Андыктан дагы бир жолу сабыр кылууга чакырам!”

2-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус 1845 адамдан табылды, алардын ичинен 17 бейтап кайтыш болду, 1219 бейтап айыгып кетти.



Башка жаӊылыктар
Ошто жергиликтүү демөөрчү имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды
21 октябрь 2020
Өлкө тынчтыгы үчүн 1 жуманын ичинде 1613 Куран хатм кылынды. Куранды толугу менен окуп чыгуу дагы улантылат
20 октябрь 2020
Муфтият бардык фатвалар жайгаштырылчу, окурмандардын суроолоруна жооп берчү darulifta.kg сайтын иштеп чыкты
16 октябрь 2020
Тоң районунда Куран жаттоо борбору курулууда
14 октябрь 2020
Белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур дүйнө салды
14 октябрь 2020
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
"Кыз Куран" курсу Куран жана тажвид үйрөтүүгө кабыл алууну жарыялайт
12 август 2020
Бейруттагы жарылууда жумушчунун иш бөлмөсүнөн бир кагаз да жерге түшкөн эмес. Себеби
11 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Курман айттын берекеси: Түркия элчилигинен бөлүнгөн 407 кг эт өз дарегине жеткирилди
6 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Казакстандын белгилүү дин аалымы Абдыгаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды
2 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Мусулмандардын эл аралык «NAMA» фонду Кыргызстанга жардам берет. Тизмеси менен таанышыңыз
8 июнь 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
30 октябрь 2020г.
Багымдат
5:58
Күндүн чыгуу
7:34
Бешим
12:45
Аср
16:15
Шам
18:01
Куптан
19:33
Макалалар