Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мусулмандардын эл аралык «NAMA» фонду Кыргызстанга жардам берет. Тизмеси менен таанышыңыз

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 8 июнь 2020

“NAMA” фонду COVID-19 илдетине каршы. Ушундай аталыштагы лозунг менен мусулмандардын эл аралык “NAMA” фондунун долбоору Кыргызстанда старт алды. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.

null

Долбоор пандемия менен күрөшүүгө үч жол менен жардам берүү максатын көздөйт. Бул - медицина, билим берүү жана тамак-аш менен камсыздоо. Долбоордун алкагында Кыргызстандын 7 облусуна 7 тез жардам унаасы, 4 ИВЛ аппараты, 10,000 медициналык бет кап, 2000 дем бет кабы, 100,000 медициналык кол кап, 350 тонна азык-түлүк жана 50дөн ашуун мектептерге онлайн сабактарын жакшыртуу үчүн 200 ноутбук гуманитардык жардам катары берилет.

Бул масштабдуу долбоор Кыргызстандагы «NAMA» фондунун өнөктөштөрү болгон «Ала-Тоо өнүктүрүү борбору» коомдук фонду жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонддору тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо, Эмгек жана социалдык өнүгүү, Билим берүү жана илим министрликтери, жергиликтүү райондук администрациялар менен бргеликте ишке ашырылууда.

null

«5- июнда КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана Саид Баюми, “NAMA” уюмунун өкүлдөрү азык-түлүк даярдалган жерге барып, долбоордун ачылышын өткөрүп жана Бишкек шаарынын конуштарындагы муктаж үй-бүлөлөргө таратууга катышышты»,
- деди «Ассанабил» фондунун маалымат катчысы Рахматулла Мухаммед.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин тизмеси боюнча 350 тонна азык-түлүк 7 дубанга тең таратылат. Өзгөчө алыскы аймакта экономикалык катаал шартта жашаган райондорго, айыл-кыштактарга берилет.

Ар бир үй-бүлөгө төмөнкүдөй курамдагы жардамдар берилет:

- Ун (жогорку сорт)- 25кг

- Макарон- 5кг

- Күрүч- 3кг

- Кумшекер- 3кг

- Өсүмдүк майы- 3л

- Чай- 250гр

“Ассанабил” фонду Кыргызстанда 2004-жылдан бери калктын социалдык абалын жакшыртуу тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. “NAMA” мусулмандардын эл аралык кайрымдуулук фонду Кыргызстанда билим берүү, агартуучулук багытында 15 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

1 / 4



Башка жаӊылыктар
Курман айттын берекеси: Түркия элчилигинен бөлүнгөн 407 кг эт өз дарегине жеткирилди
6 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Улуу аалым Саид Нурсинин айтканы келди: Айя Софияда 350 миң адам жума-намазын окуду
25 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди
11 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49