Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 11 июнь 2020

Кыргызстанда Рамазан айында бул жылы элден чогулган битир-садаканын жалпы суммасы 9,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайты кабарлайт.

null

Чогулган каражаттын 40 пайызы (4, 035 763 сом) муфтияттын эсебине, 50 пайызы (4, 790 804 сом) жергиликтүү мечиттерге, 10 пайызы (944020 сом) облустук казыяттарга түшкөн.

Бүгүн, 11-июнда, муфтият акча каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берди.

Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам өткөн жылга салыштырмалуу битир-садака аз топтолгонун белгилеп, жардамдар атайын түзүлгөн коммиссиянын негизинде таратыларын айтты.

“Пандемияга байланыштуу быйыл каражат аз чогулду. Ошентсе да, биз бир сомун калтырбастан муктаждарга таратып беребиз”,
- деди Замир Ракиев.

Муфтияттын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Максат Атабаев битир-садаканын аз топтолгонунун 1-себеби республика боюнча мечиттер жабык болгону, 2-себеби пандемиядан улам кыйналган үй-бүлөлөр көп болгондуктан битир-садака муфтиятка эмес, түзмө-түз берилгендигине байланыштуу экендигин айтты.

Маалыматта кабарлангандай, битир-садакадан жардам алуучулар 3 топко бөлүнгөн:

1. Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга 2500 сом, 10 кг ун берилди;

2. Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө- 2000 сом, 10 кг ун;

3. Батирде турган, социалдык абалы начар жарандарга 1500 сом жана 10 кг ун таратылып берилди.

Бул жылы муфтиятка жардам алуу үчүн 300дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган.

2019-жылы Кыргызстанда битир-садакадан 32,9 миллион сом, 2018-жылы 34,8 миллион сом чогултулган.



Башка жаӊылыктар
Москвада кыргыздар Курман Айтты чоң шаң менен белгилешти
4 август 2020
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Курман Айт намазы окулбайт
27 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди
11 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Казакстандын белгилүү дин аалымы Абдыгаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды
2 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Мусулмандардын эл аралык «NAMA» фонду Кыргызстанга жардам берет. Тизмеси менен таанышыңыз
8 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49