Белгилүү диний аалым, сүйүктүү устаз, Аалымдар кеңешинин мүчөсү, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов 45 жаш курагында дүйнө салды.
Чубак ажы Жалилов 11-июлга оогон түнү Бишкектеги Улуттук госпиталга оор абалда жеткирилген.
"Азаттык" радиосунун маалыматына ылайык, устаз дарыгерлерден "дем алдырчу аппаратыңыздарды эртерээк туташтырасыздарбы" деп суранган.
Ага кычкылтек концентраторунан экөө дароо туташтырылган. Дарыгердин айтымында, бейтап ооруканага түшкөндөн бир сааттай убакыттан соң көз жумган.
⠀
Жалпы кыргыз эли, мусулман үммөтү үчүн бул орду толгус чоң жоготуу. Баарыңыздарга, Чубак ажынын жакындарына жана үй-бүлөсүнө кайгысын жүрөктөн тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!
Инна-Лилляхи Ва-Инна-Иляйхи-Раджиун - Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана ага гана кайтабыз!
⠀
Чубак ажы көптөгөн жаштардын, жамы журттун сүймөнчүлүгүнө татыган устазы эле. Устаздын сабактары чет тилдерге которулуп, динди жатык тилде, чоң даанышмандык менен жеткиргенинен айрымаланып турчу.
⠀
Устаздын жаназасы болжол менен бүгүн (11.07.2020) саат 16:00-18:00 чамасында Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында болору белгилүү болду.
⠀
Чубак устазды Аллах Таала мээримине алып, бейиштин төрүнөн орун берсин!
⠀
Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган.
⠀
Атасы Жалилов Тажибай математика мугалими, апасы Сакыева Гулжамал англис тили боюнча мугалим болгон. Чубак ажы Жалилов үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси болгон.
⠀
Чубак ажы Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиясыдагы "Умм аль-Куро" эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.
⠀
Чубак ажы Жалилов фикх (шариат мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва) чыгарууга уруксааты бар документтердин ээси.
⠀
Чубак ажынын өзгөчөлүгү деп өздүк 3 бөлмө китепканасы, башкача айтканда 5 тоннадай китеби бар экендигин айтууга болот. Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырган жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнаган.
12 январь 2021
31 декабрь 2020
7 декабрь 2020
4 декабрь 2020
2 декабрь 2020
2 декабрь 2020
30 ноябрь 2020
18 ноябрь 2020
11 ноябрь 2020
2 ноябрь 2020
29 октябрь 2020
26 октябрь 2020
21 октябрь 2020
14 октябрь 2020
14 октябрь 2020
12 октябрь 2020
14 сентябрь 2020
12 август 2020