Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 11 июль 2020

Өмүрүн дин илимине арнаган аалым, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажитов кечээ, 10-июлда, үйүндө 48 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Маалыматка ылайык, Садридин ажы бир топ жылдан бери кант диабетинен жабыркап келген.

%article_title%

Бүгүн, 11-июлда, бешим намазынан кийин маркум Садридин Мажитовдун сөөгү кичи мекени болгон Баткен облусунун Өрүкзар айылында жерге берилди. Ал өзүнүн бир тууган абасы, дин аалымы жана мурдагы Азирети муфтий Абдусаттар ажынын жанына коюлду. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Дагы бир чоң аалымыбыздан айрылып турганыбызга жалпы мусулман үммөтүнө жана маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

«Садридин ажы Мажитов Бишкек шаарынын мусулмандар казысы кызматын аркалап, өз ишине жоопкерчиликтүү, илимге бай, динге өмүрүн арнаган, адамдык сапаты бийик мыкты инсан эле. Ал өз өмүрүндө бир катар шакирттерди даярдап, Ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө абдан чоң салым кошту»,
- деди муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Садридин ажы Мажитов 1972-жылы 22-июнда Тажикстан Республикасынын Яван районунун Кыргызабад айылында төрөлгөн.

Мектеп жылдарында өзүнүн абасы белгилүү аалым Абдисаттар ажыдан шарият илимин үйрөнгөн. 1989-1993-жылдары Өзбекстан Республикасына Караштуу Фергана облусунун Калача айылында устаз Молдо шакирден илим алган.

1991-жылы Молдо Абдусаттар ажыдан Фикх илими боюнча билимин тереңдетип, өздөштүргөн.

1993-жылдан 1996-жылга чейин Бишкектеги Азирети Умар Ислам Институтунда мударрис болуп эмгектенген.

1996-2000-жылдары Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында медреседе сабак берген.

2000-2004-ж.ж. Пакистандын Кувейта шаарындагы “Абу Хурайра” атындагы Ислам Университетинде билимин тереңдетип, дүйнөлүк деңгээлдеги таанымал аалымдардан сабак алган.

2004-2007-жылдары кайрадан Бишкектеги “Азирети Умар” атындагы Ислам Университетинде мугалим болуп эмгектенген.

2008-2008-ж.ж. “Мухаммад Амин” медресесин түптөп, мүдүрлүк кызматын аркалаган.

2008-2014-ж.ж. Бишкектеги “Махмуд Кашкари” мечитинин имам хатиби болуп эмгектенген.

2012-2014-ж.ж. Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешин мүчөсү болгон.

2014-жылдын 20-мартынан азыркы учурга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалап келген.

Эне тили кыргыз тилинен башка араб, парси, урду, тажик, өзбек жана орус тилдеринде эркин сүйлөчү.

Артында уулу калды.



Башка жаӊылыктар
Хакасиянын тарыхында алгачкы мечит курулууда. Үммөттүн жардамы керек
12 январь 2021
Бишкекте жоолук салынгысы келген кыздарга арналган "Жоолугум-менин сыймыгым иш-чарасы" өттү
5 январь 2021
Ош шаарында алгачкы жолу дүлөйлөр үчүн жума баяны өткөрүлдү
4 январь 2021
Ирсалат Исмаилова Чоң-Алай району боюнча "Жылдын мыкты мектеп директору" болду
31 декабрь 2020
"Сеннамед" борборунун негиздөөчүсү Шайлообек Үркүнбаев "Жылдын мыкты дарыгери" болду
31 декабрь 2020
Элдик демилге: Баткен облусунун Кара-Булак айылында эми спирт ичимдиктери сатылбайт
21 декабрь 2020
"Бейиш балдарына" арналган майрамдык кече өткөрүлдү
4 декабрь 2020
Кыргызстанда кайрымдуулук фонддор тарабынан курулган шаарчалар көбөйүүдө
2 декабрь 2020
Ат-Башынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган унаасын имамга белекке беришти
24 ноябрь 2020
Мусулмандардын "Ас-Сафа" фонду Токмокто заманбап төрөт үйүн курушту
18 ноябрь 2020
Кыргызстан мусулмандары Франциянын "исламофобиялык" саясатына каршы өз пикирин активдүү билдирүүдө
2 ноябрь 2020
Эртең Кыргызстандын бардык мечиттеринде пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ тууралуу хутба өтүлөт
29 октябрь 2020
Муфтият айымдарга арнап онлайн-сабак уюштурууда. Эртең саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов сабак өтөт
21 октябрь 2020
Муфтият бардык фатвалар жайгаштырылчу, окурмандардын суроолоруна жооп берчү darulifta.kg сайтын иштеп чыкты
16 октябрь 2020
Белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур дүйнө салды
14 октябрь 2020
Муфтий Максатбек Токтомушев митингде жаракат алган бейтаптардан кабар алды
9 октябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
Намаз убактылары
26 январь 2021г.
Багымдат
06:44
Күндүн чыгуу
08:23
Бешим
13:14
Аср
16:23
Шам
18:10
Куптан
19:25
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар