Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылындагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясында билим алган Айзат Топчубаева жалпы республикалык тестирлөөдөн 226 упай алып, Кыргызстан боюнча 6-орунга илинди.
Бул жылы тестирлөөдөн эң жогорку упайды Алай районунда билим алган кыз алып, анын упайы 229ду түздү.
219 упайдан жогору алтын сертификат берилет.
Алтын сертификаттын ээлери Кыргызстандын каалаган окуу жайына сынаксыз өтүшөт. Айзат кичинекей кезинен доктур болууну самагандыктан, ал Кыргыз медициналык академиясына тапшырууну чечти.
“Бир жыл бою сынакка катуу даярдандым. Бул жетишкендигимде мугалимдеримдин жана ата-энемдин ролу чоң. Мени үй жумуштарынан бошотушуп, ата-энем жакшы шарт түзүп беришти. Албетте, жыйынтыктын баары - Аллахтан. Бирок биз себептерин жасашыбыз керек. Мен мындай жыйынтыкка жетишкениме абдан кубандым”,
- деди Айзат.
Айзат 3-классынан тартып дин илимдерине кызыгып окуй баштаганын, ал эми 5-класста ата-энесине шариаттын талабына ылайык кийингиси келгенин айткан.
“Ата-энем мындай чечимиме каршы болушкан жок. Ислам дининин жашоомдогу ролу чоң. Активдүү болууга жана алдыга умтулууга шыктандырат”,
- деди ал.
2019-2020- окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөгө Кыргызстан боюнча 43 миң 245 окуучу катышып, алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упайларды алып, алтын сертификатка ээ болушту.
Башка жаӊылыктар
Бишкек эл аралык кино фестивалы: Түрк фильмдери акысыз көрсөтүлөт
16 ноябрь 2023
16 ноябрь 2023
Салах ад-Динь Аль-Аюби тууралуу сериал тартылат
29 сентябрь 2023
29 сентябрь 2023
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
29 сентябрь 2023
Нью-Йоркто азан үнү жаңыра баштайт
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
Президент Садыр Жапаров умра кылды
20 июль 2023
20 июль 2023
Миллиондогон мусулмандар ажылык кылуу үчүн Меккеге агылууда
21 июнь 2023
21 июнь 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
20 июнь 2023
Кара-Балта: Куранды жаттап бүткөн 30 хафиз диплом алышты
9 июнь 2023
9 июнь 2023
Уганда өлкөсү ЛГБТга каршы катаал мыйзамга кол койду
1 июнь 2023
1 июнь 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
30 май 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
30 май 2023
Эл аралык семинар: Хатиже Кубра Тонгар
30 май 2023
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
18 май 2023
БУУ Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун колдоого алды
31 март 2023
31 март 2023
Мусулман ишкерлердин башын бириктирген МУСИАД өлкөбүздө кеңсесин ачты
17 январь 2023
17 январь 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
6 ноябрь 2022
Дүйнөлүк Куран жарышта мекендешибиз Мухаммедали 1-орунду ээледи
22 сентябрь 2022
22 сентябрь 2022
Көзү азиз хафиза студенттерге Куран окуганды үйрөтөт
2 сентябрь 2022
2 сентябрь 2022