Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Улуу аалым Саид Нурсинин айтканы келди: Айя Софияда 350 миң адам жума-намазын окуду

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 25 июль 2020

Кечээ, 24-июнда, жалпы мусулман дүйнөсү үчүн чоң тарыхый күн болду. Стамбулдагы “Айя София” мечитинде 86 жылдан соң алгачкы жума-намазы окулду. Бул тарыхый окуяга жеринде 350 миң адам күбө болгонун Түркиянын маалымат сайттары жазып чыгышты.

%article_title%

Мечиттин ачылышында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Куран окуду.

Мындан бир канча күн мурун президент Эрдоган Айя Софияга кайрадан мечит макамын кайтарып берүү боюнча жарлыкка кол койгон соң ал бул жаңылыкты улуу аалым Саид Нурсинин окуучусу Хүснү Байрамоглуга телефон аркылуу сүйүнчүлөгөн. Хүзнү мырза өз кезегинде “Айя Софиядагы” окула турчу намазды баштап берүү үчүн Эрдоганды чакырган.

Эскерте кетсек, өмүрүн Ислам динине кызмат кылууга арнаган, куугунтукка алынган жылдарында Ыйык Курандын тафсири (түшүндүрмө котормосу) “Рисали-е-Нурду” жазып, жайылткан улуу аалым Саид Нурси өз учурунда “Айя Софияга” кайрадан мечит макамынын кайтарылышына көптөгөн аракеттерди жумшаган.

Ал:

“Айя София шек-күмөнсүз мечит болот. Бирок мен бул окуяга күбө болбойм. Аны менин окуучум Хүснү көрөт”,
- деп айткан экен.

Саид Нурсинин окуучуларынын ичинен жалгыз Хүснү Байрамоглу тирүү калып, кечээ бул чоң окуяга өз көзү менен күбө болду.

Кошумчаласак, мындан 8 жыл мурун, тагыраагы, 2012-жылы 12-декабрда Саид Нурсинин окуучулары Эрдоган менен болгон жолугушууда Нурсинин осуятын айтып, Айя Софияга кайрадан мечит макамын алып берүүнү өтүнүшкөн.

Жолугушууда болгон аалымдын окуучуларынын бири:

“Биз Эрдоганга устазыбыздын катын окуп бергенде, ал: “Шашпагыла, биз жалпы кырдаалга жараша аракеттенип жатабыз. ИншаАллах, бул убакыт да келет. Башкалар муну каалабаса да, мен өзүм Айя Софияга барып, намаздын башында турам”,- деп аткан”,
- деп эскерет.

Кечээ, 24-июнда, аалым Саид Нурси айтып кеткен окуя орундалып, ага дүйнө жүзү күбө болду.

Айя София алтынчы кылымда византиялык имератор Юстиниан тарабынан курулган. Осмон дөөлөтү 1453-жылы Константинополду (азыркы Стамбул) багынтышкандан кийин бул тарыхый жай мечитке айландырылган. 1934-жылы Түркия Республикасынын түптөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк бул жайды музей кылуу буйругуна кол койгон. 2020-жылы 24-июнда Айя София кайрадан мечит макамын алды.

Айя София ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.



Башка жаӊылыктар
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
"Кыз Куран" курсу Куран жана тажвид үйрөтүүгө кабыл алууну жарыялайт
12 август 2020
Бейруттагы жарылууда жумушчунун иш бөлмөсүнөн бир кагаз да жерге түшкөн эмес. Себеби
11 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Москвада кыргыздар Курман Айтты чоң шаң менен белгилешти
4 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Курман Айт намазы окулбайт
27 июль 2020
Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 сентябрь 2020г.
Багымдат
5:19
Күндүн чыгуу
6:54
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:56
Куптан
20:28
Макалалар