Курман Айттын майрамдык шаңы Москва шаарында мигрант мекендештердин башын кошуп, унутулгус элестерди калтырды. Мындай масштабдуу иш-чара Россияда алгач ирет өтүп жатат.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын Россиядагы өкүлчүлүгү жана анын башында турган Сүйүмбек Жусубалиевдин демилгеси менен 2-августта чоң иш-чара өттү.
Москва шаары жана Москва облусундагы кыргыздар бир аянтчада чогулушуп, боз үйлөр тигилип, 20дан ашык кой курмандыкка чалынып, кыргыздын улуттук оюндарын камтыган майрамдык иш-чара болду.
Саамалык тууралуу Сүйүмбек мырза бизге буларды айтып берди:
Эскерте кетсек, буга чейин өкүлчүлүк Кыргызстандын кыйын кырдаалдан эртерээк чыгып кетишин тилеп Москвада чоң түлөө өткөрүшүп, тилек кылышкан.
Сүйүмбек Жусубалиев башында турган Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Россиядагы өкүлчүлүгү мигрант мекендештердин ынтымагын бекемдөөдө, улуттук жана руханий баалуулуктарды таратууда чоң иш-аракеттерди жасап келишет.










12 январь 2021
5 январь 2021
31 декабрь 2020
31 декабрь 2020
21 декабрь 2020
7 декабрь 2020
2 декабрь 2020
2 декабрь 2020
24 ноябрь 2020
11 ноябрь 2020
2 ноябрь 2020
20 октябрь 2020
16 октябрь 2020
14 октябрь 2020
14 октябрь 2020
9 октябрь 2020
14 сентябрь 2020
4 сентябрь 2020