Кыргызстан муфтийинин орун басары Кадыр Маликов 5- каналдын "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы -"Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?" аталышында болду.
Кечээ, 3- сентябрда, 5- каналда "Иегова күбөлөрү" диний уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө "Ойбүгүн" берүүсүндө талкуу жүрдү.
Эфирге архимандрит Пётр(Путиёв) (Кыргызстандык жана Бишкектик епархия), муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов, психолог, доцент Владимир Школьный, дин иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин юридикалык кызматынын башчысы Каныбек Ныязбаев жана Кан борборунун жетекчисинин биринчи орун басары Айганыш Сатыбалдыева катышышты.
Телеберүүнүн алкагында аталган диний уюмдун ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткан Кыргызстан жарандарынын ачык маектери жана диний сектанын жетекчилеринин үгүт видеолорунан үзүндүлөр көрсөтүлдү.
Белгилесек, бир катар өлкөлөрдө "Иегова күбөлөрүнүн" ишмердүүлүгүнө чектөөлөр коюлган, же толук тыюу салынган. Кыргызстанда болсо Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлүнүн билдиргенине караганда, бул уюм 1998-жылдан бери мамлекеттик каттоодо турат. Учурда жалпы республика боюнча аталган уюмдун 10 миңден ашуун колдоочусу жана 41 жамааты бар.
5 апрель 2021
23 март 2021
16 март 2021
10 март 2021
12 январь 2021
5 январь 2021
31 декабрь 2020
4 декабрь 2020
3 декабрь 2020
30 ноябрь 2020
24 ноябрь 2020
18 ноябрь 2020
26 октябрь 2020
21 октябрь 2020
21 октябрь 2020
20 октябрь 2020
16 октябрь 2020
14 октябрь 2020