Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур дүйнө салды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: КМДБ / Жарыяланды: 14 октябрь 2020

Белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур дүйнө салды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Алауддин Мансур өз өмүрүн дин тармагында арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берип, Жараткан Алла Тааланын ыйык сөзү болгон Курани каримди кыргыз, өзбек тилдерине которууда үзүрлүү эмгектенген. Ал 68 жашта эле.

null

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Алауддин Мансурдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты:

“Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Аалым Алауддин Мансурдун мусулман үммөтү үчүн жасаган зор эмгеги эч кимдин эсинен кетпейт. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам”,
- деди муфтий.

Дин аалымы Алауддин Мансур тууралуу

Дин аалымы Алауддин Мансур Кыргызстандагы белгилүү аалымдардан. 1952-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. Өз доорунун атактуу аалымдарынан илим алган.

Аалым Алауддин Мансур 1990-1992-жылдары биринчилерден болуп Курани каримдин маанилерин өзбек тилинде чечмеленген котормосун чоң жоопкерчилик менен жүзөгө ашырды. Анын котормосу Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөргөн тандоодо эң жакшы деп табылган. 2000-жылы Кара-Суу шаарында «Курани каримди үйрөнүү илимий борбору» түзүлүп, Алауддин Мансур Курани каримдин маанилерин алгачкы ирээт Кыргыз тилине которгон. Кийин аалымдын белгилүү өзбекче котормосу казак, түркмөн, каракалпак жана уйгур тилдерине которулуп, миңдеген нускада басылып чыккан. Алауддин Мансурдун «Имам Аъзам улуу имамыбыз» аттуу чыгармасы да жарык көрүп, ал китеп кыргыз, өзбек, казак, уйгур жана орус тилдеринде басылган. Андан соң имам Аъзам мазхабындагы улуу аалымдардан болгон Алауддин Касанийдин он томдук "Бадоеус-саноеъ" китебинин "Даарат" жана "Намаз" китептерин да араб тилинен которуп, бул китептер Ош жана Ташкент шаарларында миңдеген нускада басылды.

Соңку учурларда устат Алауддин Мансур Курани каримди мүмкүн болушунча кененирээк тафсир кылуу менен алек болуп келген. Бүгүнкү күндө устатАлауддин Мансурдун “Қуръани Азим” тафсиринин 17 тому жарык көргөн.

“Умма” ислам журналынын жамааты устат Алауддин Мансурдун жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.



Башка жаӊылыктар
Хакасиянын тарыхында алгачкы мечит курулууда. Үммөттүн жардамы керек
12 январь 2021
Бишкекте жоолук салынгысы келген кыздарга арналган "Жоолугум-менин сыймыгым иш-чарасы" өттү
5 январь 2021
Элдик демилге: Баткен облусунун Кара-Булак айылында эми спирт ичимдиктери сатылбайт
21 декабрь 2020
Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов “Берешен” медалы менен сыйланды
3 декабрь 2020
Кыргызстанда кайрымдуулук фонддор тарабынан курулган шаарчалар көбөйүүдө
2 декабрь 2020
Мусулмандардын "Ас-Сафа" фонду Токмокто заманбап төрөт үйүн курушту
18 ноябрь 2020
Жамал Фронтбек кызы: “Мусулман айымдарын ар тармактан өнүктүрүп, өз потенциалын ачуусуна жардам бергибиз келет”
11 ноябрь 2020
Кыргызстан мусулмандары Франциянын "исламофобиялык" саясатына каршы өз пикирин активдүү билдирүүдө
2 ноябрь 2020
Эртең Кыргызстандын бардык мечиттеринде пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ тууралуу хутба өтүлөт
29 октябрь 2020
Кадыр Маликов: “Муфтият пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) кордогон карикатураларды расмий айыптайт”
26 октябрь 2020
Өлкө тынчтыгы үчүн 1 жуманын ичинде 1613 Куран хатм кылынды. Куранды толугу менен окуп чыгуу дагы улантылат
20 октябрь 2020
Муфтият бардык фатвалар жайгаштырылчу, окурмандардын суроолоруна жооп берчү darulifta.kg сайтын иштеп чыкты
16 октябрь 2020
Тоң районунда Куран жаттоо борбору курулууда
14 октябрь 2020
Муфтий өлкө тынчтыгы үчүн дин кызматкерлерине Куран хатым баштоону тапшырды
12 октябрь 2020
Муфтий Максатбек Токтомушев митингде жаракат алган бейтаптардан кабар алды
9 октябрь 2020
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар
Намаз убактылары
26 февраль 2021г.
Багымдат
06:09
Күндүн чыгуу
07:43
Бешим
13:15
Аср
17:02
Шам
18:51
Куптан
20:06