Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Муфтият айымдарга арнап онлайн-сабак уюштурууда. Эртең саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов сабак өтөт

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 21 октябрь 2020

Муфтият 20-октябрдан тарта айымдар үчүн атайын онлайн сабак уюштура баштады. Сабак аптасына 2 жолу уюштурулуп, суроо-жооп ирээтинде өткөрүлөрүн муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда «Аялзатынын Ислам дининдеги орду», «Аялзатынын илим алуусу», «Кыздын кырк чачы улуу», «Турмуш куруунун адептери», «Кызды тарбиялоо», «Бактылуу аял» темаларында баяндамалар жасалат.

Айымдар үчүн уюштурулуп жаткан онлайн сабак шейшемби жана бейшемби күндөрү күндүзгү саат 11:00дон 12:00гө чейин болмокчу. Сабакты “Муфтият КР” YouTube каналында, Инстаграмда muftiyat.kg_official, Фейсбуктагы “Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы” баракчаларынан көрө аласыздар.

«Учурдагы кырдаалга байланыштуу бардык окуу тармагы онлайн өтүп жатат. Андыктан, Муфтият айымдар үчүн онлайн окуу баштап, коомчулуктагы аялзатына болгон зордук-зомбулукту токтотууга жана балдарды тарбиялоодогу энелердин ордун түшүндүрүп, Ислам дининде аялзаты үчүн эмнелер каралган болсо толугу менен дин аалымдары айтып беришет»,
- деди муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев.

Эске салсак, эртең, 22-октябрда, саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов “Исламдагы аялзатынын ролу жана орду, стереотиптер жана мамилелер” деген темада сабак өтөт. Өткөрүп жибербеңиз!

null



Башка жаӊылыктар
Ат-Башынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган унаасын имамга белекке беришти
24 ноябрь 2020
Кыргызстан мусулмандары Франциянын "исламофобиялык" саясатына каршы өз пикирин активдүү билдирүүдө
2 ноябрь 2020
Эртең Кыргызстандын бардык мечиттеринде пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ тууралуу хутба өтүлөт
29 октябрь 2020
Ошто жергиликтүү демөөрчү имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды
21 октябрь 2020
Өлкө тынчтыгы үчүн 1 жуманын ичинде 1613 Куран хатм кылынды. Куранды толугу менен окуп чыгуу дагы улантылат
20 октябрь 2020
Белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур дүйнө салды
14 октябрь 2020
Тоң районунда Куран жаттоо борбору курулууда
14 октябрь 2020
Муфтий өлкө тынчтыгы үчүн дин кызматкерлерине Куран хатым баштоону тапшырды
12 октябрь 2020
Муфтий Максатбек Токтомушев митингде жаракат алган бейтаптардан кабар алды
9 октябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
"Кыз Куран" курсу Куран жана тажвид үйрөтүүгө кабыл алууну жарыялайт
12 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Курман айттын берекеси: Түркия элчилигинен бөлүнгөн 407 кг эт өз дарегине жеткирилди
6 август 2020
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Курман Айт намазы окулбайт
27 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Казакстандын белгилүү дин аалымы Абдыгаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды
2 июль 2020
Намаз убактылары
26 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:26
Күндүн чыгуу
08:07
Бешим
12:49
Аср
15:49
Шам
17:36
Куптан
18:51
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов