Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр Маликов: “Муфтият пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) кордогон карикатураларды расмий айыптайт”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 26 октябрь 2020

Кыргызстан муфтийинин орун басары Кадыр ажы Маликов Муфтият ырайымсыз зордук-зомбулукту жана терроризмдин ыкмаларын айыптарын, бирок, ошол эле учурда, дүйнө жүзү боюнча миллиарддан ашуун мусулмандардын диний сезимдерин жана ыйык жайларын мазактоого жол берилгис экендигин баса белгилейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасында бөлүштү.

null

Эске салсак, 21-октябрда Франциянын Монпелье жана Тулуз шаарларында “Charlie Hebdo” журналы Мухаммед пайгамбарды (САВ) мазактап тарткан карикатураларды шаардык өкмөттүн имаратында чоңойтуп көрсөтүштү. Бул көрүнүш 18 жаштагы Абдуллах Анзоров тарабынан ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн география жана тарых мугалими Сэмюэль Пати менен акыркы ирет коштошуу иш-чарасында сөз эркиндигин коргоо урааны менен өттү.

5 жылдык мугалимдик тажрыйбасы бар 47 жаштагы география жана тарых мугалими Сэмюэль Пати өзүнүн предметтеринен сырткары адеп сабагын да берчү экен. Ал бул сабакта сөз эркиндиги тууралуу көп кеп кылчу. Vesti.ru сайты жазгандай, ал 1 жума мурун 13 жаштагы окуучуларга Мухаммед пайгамбарга (САВ) карата тартылган карикатурларды көрсөткөн.

Мугалимдин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнөн соң Франциянын билим берүү министри пайгамбарлар шылдыңдалып тартылган карикатураларды мектеп жана лицейлер үчүн өзүнчө жыйнак кылып чыгарууга уруксат берди.

Албетте, мугалимди мыкаачылык менен өлтүргөн 13 жаштагы өспүрүмдүн жоругу айыпталат. Бирок, ошол эле учурда, сөз эркиндиги менен шылтоолоногон диний сезимдеринин мазакталышына да жол берилбеши керек.

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов муфтият пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) кордогон карикатураларды расмий айыптарын төмөндөгүдөй билдирет:

“Дүйнөдө болуп жаткан исламга карата мындай позиция чагымчыл мүнөзгө ээ жана сөз эркиндигине эч кандай тиешеси жок деп эсептейбиз. Мындай мамиле маданияттар аралык диалогду бузат, исламофобияга, экстремизмге жана конфессиялык жек көрүүгө үндөйт!

Цивилизациялардын диалогу өз ара сый-урмат, таза ниет, мыйзамдар жана укуктар алдындагы теңдиги жок мүмкүн эмес! Тилекке каршы, биз акыркы учурларда кош стандарттуу саясатты байкадык. Бир жагынан, сөз эркиндигинин алдында мусулмандардын да, христиандардын да, жөөттөрдүн дагы ыйык сезимдери пайгамбарларга тартылган карикатуралар аркылуу кордолуп келет. Экинчи жагынан, холокост же ЛГБТ маселелерин шылдыңдоого тыюу салынган (Анткени көптөгөн Европа Биримдиги өлкөлөрүндө кылмыш жоопкерчилиги бар).

Дүйнөдө исламофобиянын күч алышы, диний символдорго жасалган кол салууларды жана мазактоону эске алуу менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы диний символдорду жана динге ишенгендердин сезимдерин кордоого жол бербөө жөнүндө мыйзам иштеп чыгууга чакырат”.



Башка жаӊылыктар
Ат-Башынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган унаасын имамга белекке беришти
24 ноябрь 2020
Мусулмандардын "Ас-Сафа" фонду Токмокто заманбап төрөт үйүн курушту
18 ноябрь 2020
Муфтият айымдарга арнап онлайн-сабак уюштурууда. Эртең саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов сабак өтөт
21 октябрь 2020
Ошто жергиликтүү демөөрчү имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды
21 октябрь 2020
Өлкө тынчтыгы үчүн 1 жуманын ичинде 1613 Куран хатм кылынды. Куранды толугу менен окуп чыгуу дагы улантылат
20 октябрь 2020
Муфтият бардык фатвалар жайгаштырылчу, окурмандардын суроолоруна жооп берчү darulifta.kg сайтын иштеп чыкты
16 октябрь 2020
Белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур дүйнө салды
14 октябрь 2020
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Бейруттагы жарылууда жумушчунун иш бөлмөсүнөн бир кагаз да жерге түшкөн эмес. Себеби
11 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Курман айттын берекеси: Түркия элчилигинен бөлүнгөн 407 кг эт өз дарегине жеткирилди
6 август 2020
Москвада кыргыздар Курман Айтты чоң шаң менен белгилешти
4 август 2020
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Курман Айт намазы окулбайт
27 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Казакстандын белгилүү дин аалымы Абдыгаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды
2 июль 2020
Намаз убактылары
26 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:26
Күндүн чыгуу
08:07
Бешим
12:49
Аср
15:49
Шам
17:36
Куптан
18:51
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов