Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эртең Кыргызстандын бардык мечиттеринде пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ тууралуу хутба өтүлөт

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 29 октябрь 2020

“Азыркы учурда ислам символдоруна шек келтирүү күчөп жатканына байланыштуу муфтият ушул жума күнү өлкөбүздүн бардык мечиттеринде пайгамбарыбыз Мухаммеддин ﷺ Исламдагы орду жана ролу жана ага болгон сүйүү тууралуу хутба өтүүнү чечти”,- деп билдирет муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов.

null

Анын тексти төмөндө толугу менен берилет:

Эмнеге биз пайгамбарыбыз Мухаммедди ﷺ жакшы көрөбүз?

Азыркы биз жашап жаткан Раби-уль-Авваль айы Исламда өтө маанилүү айлардын катарына кирет. Анткени Аллах Таала бул айда бизге мээрим пайгамбарын жөнөткөн.

Аллах Таала мындай деп айтат: “Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк” (“Анбия” сүрөсү, 107-аят).

Тилекке каршы, дал ушул айда бул күндөр биздин символдорго карата провокациялык кемсинтүү, мазактоолор тууралуу жаңылыктар менен коштолду.

Биздин ишенимибиздин эң негизи шахада сөздөрүндө (күбөлүк келтирүү) камтылган эмеспи.

“Аллахтан башка кудай жок, Мухаммед – анын элчиси”.

Өзүн мусулманмын деп эсептеген адам Аллахтын жалгыздыгына жана анын Элчисинин миссиясына ишениши абзел. Пайгамбарды ﷺ жакшы көрүү жана урматтоо биздин ишенибиздин жана Аллахка болгон сүйүүбүздүн ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.

Тилекке каршы, мусулмандардын арасында Пайгамбарыбыз ﷺ тууралуу, анын адамдык сыпаттары жөнүндө маалыматтар жетишсиз.

Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ эң кооз мүнөздүн ээси эле.

Аллах Таала минтип айтат: “Чындыгында, силер үчүн да, Аллахты, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп эске алган адамдар үчүн да – Аллахтын элчисинде көркөм өрнөктөр бар” («Ахзаб» сүрөсү, 21-аят).

Пайгамбарыбыздын ﷺ ар бир сөзү, иш-аракети, керек болсо, анын кайсы бир кырдаалдарда унчукпай койгону да – биз үчүн, мусулмандар үчүн чоң сабак. Анын жолун жолдогондор үммөттүн эң мыктыларынан болот.

Раббиуль-Авваль айында биздин сүйүктүү Пайгамбарыбызга ﷺ көп-көп салам-салаваттарды жолдойлу.

“Чындыгында, Аллах пайгамбарга ырайым кылат. Ошондой эле ага периштелер да салават айтып турушат. Эй, момундар! Ага салават жана салам айткыла” (“Ахзаб” сүрөсү, 56-аят).



Башка жаӊылыктар
Нарындагы Дыйкан айылында мындан ары спирт ичимдиктери сатылбайт
24 февраль 2021
Бишкекте жоолук салынгысы келген кыздарга арналган "Жоолугум-менин сыймыгым иш-чарасы" өттү
5 январь 2021
Ош шаарында алгачкы жолу дүлөйлөр үчүн жума баяны өткөрүлдү
4 январь 2021
"Сеннамед" борборунун негиздөөчүсү Шайлообек Үркүнбаев "Жылдын мыкты дарыгери" болду
31 декабрь 2020
Ирсалат Исмаилова Чоң-Алай району боюнча "Жылдын мыкты мектеп директору" болду
31 декабрь 2020
Мусулман айымдарды өнүктүрүүгө арналган бизнес борбор ачылды
7 декабрь 2020
Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов “Берешен” медалы менен сыйланды
3 декабрь 2020
Мусулмандардын "Ас-Сафа" фонду Токмокто заманбап төрөт үйүн курушту
18 ноябрь 2020
Жамал Фронтбек кызы: “Мусулман айымдарын ар тармактан өнүктүрүп, өз потенциалын ачуусуна жардам бергибиз келет”
11 ноябрь 2020
Кыргызстан мусулмандары Франциянын "исламофобиялык" саясатына каршы өз пикирин активдүү билдирүүдө
2 ноябрь 2020
Кадыр Маликов: “Муфтият пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) кордогон карикатураларды расмий айыптайт”
26 октябрь 2020
Ошто жергиликтүү демөөрчү имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды
21 октябрь 2020
Муфтият айымдарга арнап онлайн-сабак уюштурууда. Эртең саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов сабак өтөт
21 октябрь 2020
Тоң районунда Куран жаттоо борбору курулууда
14 октябрь 2020
Муфтий өлкө тынчтыгы үчүн дин кызматкерлерине Куран хатым баштоону тапшырды
12 октябрь 2020
Муфтий Максатбек Токтомушев митингде жаракат алган бейтаптардан кабар алды
9 октябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
Намаз убактылары
26 февраль 2021г.
Багымдат
06:09
Күндүн чыгуу
07:43
Бешим
13:15
Аср
17:02
Шам
18:51
Куптан
20:06
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов