Бишкекте, кечээ, 1-ноябрь күнү Горький атындагы эс алуу багында пайгамбарыбыз Мухамедди ﷺ акаараттоого каршы тынчтык акциясы өттү.
Катышуучулар колдоруна “Биз пайгамбарыбыз Мухаммедди ﷺ сүйөбүз”, “Биз Пайгамбарыбызга ﷺ тартылган карикатураларга каршыбыз”, Пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосу - үлгү алууга улуу өрнөк”, “Пайгамбарыбыздын ﷺ намысы- биздин намысыбыз”, “Пайгамбарыбызга ﷺ кылынган акаарат кечирилбейт” деп жазылган транспаранттарды көтөрүп чыгышты.
Кыргызстандагы мусулмандар Франциянын президенти Эммануэль Макрондун сөз эркиндигин жамынган ислам, мусулмандар жана Мухаммед ﷺ пайгамбардын намысына шек келтирген сөздөрүнө, “исламофобдук” саясатына каршы экендигин активдүү билдиришти.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу тынчтык акциясындагы сүйлөгөн сөзүндө Макронду “артта калган адам” катары сыпаттады.
Тынчтык акциясына катышкандар пайгамбарыбызга ﷺ арнап ыр окушту, дүйнө жүзүндөгү мусулмандар менен биргеликте исламдын баалуулуктарын коргоо позициясында бекем турушарын билдиришти.
Белгилесек, ушундай эле тынчтык акциясы 30- октябрда Ош облусунда да уюштурулган.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы дүйнө жүзү боюнча миллиарддан ашуун мусулмандардын диний сезимдерин жана ыйык жайларын мазактоого жол берилгис экендигин баса белгилеп, мындай кадамдарды расмий айыптарын айткан. 31- октябрда болсо Кыргызстандагы дин ишмерлери “Акипресс” маалымат агенттигинде журналисттерге пресс- конференция уюштурушкан эле. Дүйнө жүзүндө миллиарддаган адам идеал туткан Пайгамбардын ﷺ дарегине ыпылас карикатураларды тартууну улантуунун демократия жана сөз эркиндиги менен такыр байланышы жок экендигин белгилешкен.
Эске салсак, 21-октябрда Франциянын Монпелье жана Тулуз шаарларында “Charlie Hebdo” журналы Мухаммад пайгамбарды (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мазактап тарткан карикатураларды шаардык өкмөттүн имаратында чоңойтуп көрсөтүшкөн. Бул көрүнүш Францияда кол салуу менен өлтүрүлгөн география жана тарых мугалими Сэмюэль Пати менен акыркы ирет коштошуу иш-чарасында сөз эркиндигин коргоо урааны менен уюштурулган.
5 жылдык мугалимдик тажрыйбасы бар 47 жаштагы мугалим Пати өз сабагында сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, “Charlie Hebdo” журналы Мухаммад пайгамбарды (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мазактап тарткан карикатурларды 13 жаштагы окуучуларга көрсөткөн.
Мугалимдин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнөн соң Франциянын билим берүү министри пайгамбарлар шылдыңдалып тартылган карикатураларды мектеп жана лицейлер үчүн өзүнчө жыйнак кылып чыгарууга уруксат берген эле.
Сүрөттөр журналист Айдана Жумадылова жана коомдук ишмер Турсунбай Бакир уулунун фейсбук баракчасынан алынды.
4 январь 2021
31 декабрь 2020
31 декабрь 2020
21 декабрь 2020
7 декабрь 2020
3 декабрь 2020
2 декабрь 2020
2 декабрь 2020
30 ноябрь 2020
24 ноябрь 2020
18 ноябрь 2020
11 ноябрь 2020
29 октябрь 2020
16 октябрь 2020
14 октябрь 2020
12 октябрь 2020
9 октябрь 2020
14 сентябрь 2020