Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жамал Фронтбек кызы: “Мусулман айымдарын ар тармактан өнүктүрүп, өз потенциалын ачуусуна жардам бергибиз келет”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 11 ноябрь 2020

Жакында эле коомдук ишмер Жамал Фронтбек кызы башында турган “Мутакалим” бирикмеси “Лидер айымдар менен 100 күн” аттуу масштабдуу долбоорун жыйынтыктап, 28-октябрда “Мусулман лидер айымдары” аттуу иш-чарада анын натыйжалары менен бөлүштү.

Үй-бүлө, карьера, бизнес, коомдук, маданий жана кайрымдуулук иштеринде активдүү болгон айымдар бул саамалыкка конок катары чакырылып, өзүлөрүнүн ийгилик жолун баяндап беришти.

%article_title%

Жамал Фронтбек кызы бул иш-чара активдүү мусулман айымдарын бириктирип, алардын мындан ары да өнүгүп-өсүүсүнө дем-күч ала турчу платформа экенин баса белгиледи:

“Азыркы учурда интернет, социалдык тармактар жашообузда маанилүү ролду ойноп калды. Көбүбүз бул жерлерде отурабыз. Андыктан, биз социалдык тармактар аркылуу мусулман лидер айымдары тууралуу коомчулукка айтып берип, бүгүнкү күндө айымдардын кандай көйгөйлөрү бар экенин алардын өз оозунан угууну кааладык. 100 күн бою айымдар менен түз эфирлерди уюштуруп, көп нерселерди билдик дей алам. Бизнесте мусулман аялдары абдан көп экенине таң калдым. Биз командабыз менен бул долбоорубузду токтотпой мындан ары улантууну чечтик. Коомдо болуп жаткан орчундуу окуяларга лидер айымдардын оюу кандай? Алар белгилүү бир кырдаалдардан чыгуунун кандай жолдорун сунуштай алышат? Биз мына ушул багытта мындан ары да лидер айымдар менен байланышыбызды үзбөй, бири-бирибизге көмөктөшүп, потенциал, шык-жөндөмдөрүбүздү ачууга жардам берүүнү улантабыз”,
- деди Жамал айым.

%article_title%

“Мусулман лидер айымдары” иш-чарасында коомдогу активдүү айымдар өз ийгилик сыры менен бөлүшүштү. “Мутакалим” уюму ар бир келген конокко ыраазычылык барактары, Куран китеби жана бир катар баалуу белектерди тапшырды.

%article_title%

Эске салсак, Кыргызстанда пандемия күчөп, өлкөгө карантин режими кирген кезде окуу, жумуштар онлайн форматка өткөн. Буга байланыштуу “Мутакалим” бирикмеси аялдарга пайдалуу болсун деп Instagram социалдык тармагында коомдо активдүү иш алып барып жүргөн мусулман айымдар менен түз эфирлерди уюштурган эле. Аталган түз эфирлерге Кыргызстандын булуң-бурчунан, Америка, Россия, Кения, Сауд Арабия, Түркия өлкөлөрүндө иштеп, окуп жүргөн активдүү айымдар катышышкан.

“Лидер айымдар менен 100 күн” долбоорунун бардык түз эфирлерин инстаграмдагы @jamalfrontbek баракчасынан көрө аласыздар.

%article_title%

“Мутакалим” бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы 20 жылдан ашуун убакыттан бери аялдардын укугун коргоо жаатында активдүү ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Ал түзгөн “Мутакалим” уюму постсоветтик өлкөлөрдөгү мусулман аялдарынын укугун коргогон биринчи укук коргоочу уюм болуп саналат.



Башка жаӊылыктар
Хакасиянын тарыхында алгачкы мечит курулууда. Үммөттүн жардамы керек
12 январь 2021
Бишкекте жоолук салынгысы келген кыздарга арналган "Жоолугум-менин сыймыгым иш-чарасы" өттү
5 январь 2021
Ош шаарында алгачкы жолу дүлөйлөр үчүн жума баяны өткөрүлдү
4 январь 2021
"Сеннамед" борборунун негиздөөчүсү Шайлообек Үркүнбаев "Жылдын мыкты дарыгери" болду
31 декабрь 2020
Элдик демилге: Баткен облусунун Кара-Булак айылында эми спирт ичимдиктери сатылбайт
21 декабрь 2020
Мусулман айымдарды өнүктүрүүгө арналган бизнес борбор ачылды
7 декабрь 2020
Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов “Берешен” медалы менен сыйланды
3 декабрь 2020
Жети-Өгүздө Тилекмат айылынын жаштары жергиликтүү имамга "Volkswagen vento" унаасын белекке беришти
2 декабрь 2020
Кыргызстанда кайрымдуулук фонддор тарабынан курулган шаарчалар көбөйүүдө
2 декабрь 2020
Ат-Башынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган унаасын имамга белекке беришти
24 ноябрь 2020
Кадыр Маликов: “Муфтият пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) кордогон карикатураларды расмий айыптайт”
26 октябрь 2020
Ошто жергиликтүү демөөрчү имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды
21 октябрь 2020
Өлкө тынчтыгы үчүн 1 жуманын ичинде 1613 Куран хатм кылынды. Куранды толугу менен окуп чыгуу дагы улантылат
20 октябрь 2020
Тоң районунда Куран жаттоо борбору курулууда
14 октябрь 2020
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
"Кыз Куран" курсу Куран жана тажвид үйрөтүүгө кабыл алууну жарыялайт
12 август 2020
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
17 январь 2021г.
Багымдат
06:49
Күндүн чыгуу
08:29
Бешим
13:12
Аср
16:12
Шам
17:59
Куптан
19:14