Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айлынын жаштары жергиликтүү мечиттин имамына «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү уунаны белек кылышты.
Аталган демилгени айыл тургундары көтөрүшүп, 21 жылдан бери имамчылык кылып келе жаткан Жолдошбек Өмүркановго ыраазычылык билдирүүнү максатында ыктыярлар менен каражат топтошуп, ага кошумча демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 170 миң сомго «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү уунаны алып беришти.
“Тилекмат айылындагы мечиттин имамы Жолдошбек Өмүркановдун эмгеги зор. Ал киши 1999-жылдан бери имамчылык кылып келет. Мындан улам айыл жаштары Жолдошбек имамыбызга ыраазылык билдирүүгө белсенишип, кыштын алгачкы күнү унаа белек кылып жатышат. Алла ыраазы болсун! Мындай алгылыктуу иш имамга да дем берип, дагы да жакшы кызмат кылып берет деген үмүт зор”,- деди Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айында да Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын имамы Максат Тукубековго жергиликтүү айылдын жаштары өз ыктыярлары менен каражат топтоп, «AUDI C4» үлгүсүндөгү авто унаа алып беришкен.
Андан кийин, 20-ноябрда Ат-Башы районунун айылдары арасында өткөн көк бөрү оюнунунда Баш-Кайыңды айылынын жаштары утуп алган авто унаасын айылдын имамы Медер Турдубековго белекке беришкен.
23 март 2021
16 март 2021
10 март 2021
2 март 2021
24 февраль 2021
5 январь 2021
21 декабрь 2020
7 декабрь 2020
4 декабрь 2020
3 декабрь 2020
30 ноябрь 2020
24 ноябрь 2020
11 ноябрь 2020
2 ноябрь 2020
29 октябрь 2020
21 октябрь 2020
20 октябрь 2020
16 октябрь 2020