Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыргызстанда кайрымдуулук фонддор тарабынан курулган шаарчалар көбөйүүдө

Жарыяланды: 2 декабрь 2020

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылында жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй- бүлөлөр үчүн “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган социалдык шаарча колдонууга берилди.

%article_title%

19- ноябрда фонддун төрагасы Мухаммад Аш-Шая баштаган делегациянын катышуусунда шаарчанын ачылыш аземи болуп өткөн.

Аянты 31000 м2 болгон социалдык шаарчанын ичинде: жалпы 152 батир, тигүү цехи, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит, футбол аянтчасы жана мектеп бар.

Социалдык шаарча жана анын ичиндеги бардык объектилер Октябрь айылдык кеңешине акысыз негизде өткөрүлүп берилген.

“Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду ишке ашырган мындай чоң масштабдагы жалгыз долбоор эмес. Буга чейин төмөнкү шаарчаларды куруп, пайдаланууга берген:

- Садовое айылы (Чүй облусу, Москва району) - 68 батир, ФАП, дүкөн, мечит жана футбол аянтчасы;

- Чым Коргон айылы (Чүй облусу, Кемин району) - 100 батир, ФАП, дүкөн, мечит, наабайкана, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

- Баткен шаары (Баткен облусу) - 106 батир, ФАП, мечит, бала бакча жана футбол аянтчасы;

Учурда дагы 4 социалдык шаарчанын курулуш иштери жүрүп жатат:

- Токмок шаары (Чүй облусу) - 100 батир, ФАП, мечит, дүкөн, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

- Гүлчө шаары (Ош облусу, Алай району) - 64 батир, ФАП, мечит, дүкөн, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

- Куршаб айылы (Ош облусу, Өзгөн району) - 84 батир, мечит, дүкөн, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

- Вознесеновка айылы (Чүй облусу, Панфилов району) - 80 батир, ФАП, мечит, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

2015-жылдан бери “Ас-Сафа” жесир жана жалгыз бой көп балалуу энелерге 495 турак үй куруп берди.

“Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунан тышкары, “Эл аралык “Ассанабил” кайрымдуулук фонду Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында 1.25 гектар жер аянтты ээлеген “Бахрейн” деп аталган жаңы шаарча кура баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

%article_title%

Фонд бул аймакта мектептен сырткары бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер пунктун, мечит жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жайларды куруп бермекчи. Курулуш иштерин толугу менен бир жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.

“Ассанабил” кайрымдуулук фонду буга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарына 40тай мектеп, 20-30дай медпункт куруп, мамлекетке өткөрүп берген. Фонд мындан сырткары айрым медициналык мекемелерге техника жана башка жабдуулардан да жардам көрсөткөн



Башка жаӊылыктар
Хакасиянын тарыхында алгачкы мечит курулууда. Үммөттүн жардамы керек
12 январь 2021
Ош шаарында алгачкы жолу дүлөйлөр үчүн жума баяны өткөрүлдү
4 январь 2021
Ирсалат Исмаилова Чоң-Алай району боюнча "Жылдын мыкты мектеп директору" болду
31 декабрь 2020
"Сеннамед" борборунун негиздөөчүсү Шайлообек Үркүнбаев "Жылдын мыкты дарыгери" болду
31 декабрь 2020
Мусулман айымдарды өнүктүрүүгө арналган бизнес борбор ачылды
7 декабрь 2020
"Бейиш балдарына" арналган майрамдык кече өткөрүлдү
4 декабрь 2020
Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов “Берешен” медалы менен сыйланды
3 декабрь 2020
Жети-Өгүздө Тилекмат айылынын жаштары жергиликтүү имамга "Volkswagen vento" унаасын белекке беришти
2 декабрь 2020
Мусулмандардын "Ас-Сафа" фонду Токмокто заманбап төрөт үйүн курушту
18 ноябрь 2020
Жамал Фронтбек кызы: “Мусулман айымдарын ар тармактан өнүктүрүп, өз потенциалын ачуусуна жардам бергибиз келет”
11 ноябрь 2020
Кыргызстан мусулмандары Франциянын "исламофобиялык" саясатына каршы өз пикирин активдүү билдирүүдө
2 ноябрь 2020
Эртең Кыргызстандын бардык мечиттеринде пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ тууралуу хутба өтүлөт
29 октябрь 2020
Кадыр Маликов: “Муфтият пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) кордогон карикатураларды расмий айыптайт”
26 октябрь 2020
Муфтият айымдарга арнап онлайн-сабак уюштурууда. Эртең саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов сабак өтөт
21 октябрь 2020
Ошто жергиликтүү демөөрчү имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды
21 октябрь 2020
Муфтият бардык фатвалар жайгаштырылчу, окурмандардын суроолоруна жооп берчү darulifta.kg сайтын иштеп чыкты
16 октябрь 2020
Белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур дүйнө салды
14 октябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 февраль 2021г.
Багымдат
06:07
Күндүн чыгуу
07:42
Бешим
13:14
Аср
17:03
Шам
18:52
Куптан
20:07