Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов “Берешен” медалы менен сыйланды

Жарыяланды: 3 декабрь 2020

Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотоновго “Берешен” медалы тапшырылды. Мындай буйрукту Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев чыгарып, сыйлык тапшыруу аземи муфтияттын эмгек жамаатынын катышуусунда болуп өттү.

%article_title%

“Аалымдарыбыздын эмгектери ар дайым бааланышы керек. Ошондуктан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы аалымдарды кадырлоо максатында атайын орден жана медалдарды иштеп чыгып, 2018-жылдын бери аалымдарыбызга тапшырып келебиз”,- деди муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Муну менен катар муфтий: “Эң улуу сыйлыкты сизге Алла Таала өзү тапшырсын. Коомчулук үчүн жасаган иштериңиздин үзүрүн көрүңүз”,-деп Өзүбек ажы Чотоновго бекем ден соолук каалап кетти.

Эскерте кетсек, Өзүбек ажы Чотонов медицина темасына арналган 26 ойлоп табуу жана рационалдык сунуштардын автору. Ошондой эле 30га жакын медициналык илимий эмгектери бар.

Андан тышкары аалым көптөгөн диний китептин 15 китептин, 400дөн ашык диний, коомдук публицистикалык макалалардын автору.

1996-жылдан баштап, 2010-жылга чейин «Дил мүрөгү» адеп-ахлак борборунун мүдүрү болуп эмгектенген. КМДБ түзүлгөндөн бери диний кызматкерлерге, өзгөчө медресе мугалимдерине ар кандай колдоо көргөзүп келет.

Мисалга 100гө жакын мечит, медресе, поликлиника, ФАПтарды салдырган. Жалгыз бой энелерге, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 300дөн ашык үй куруп берген.

Ислам динин жайылтуу, коомдун диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында массалык-маалымат каражаттарына дагы колдоо көрсөтүп келген. Белгилей кетсек, ал “Коломто рух ордосу” , “Айыл кечтери”, “Насыйкат”, “Акыйнек”, “Жаштар сүйлөсүн” телеберүүлөрдүн автору жана негиздөөчүсү болгон.

Өзүбек ажынын программасы менен 2002-жылдан 2006-жылдарга чейин өлкөбүздүн орто мектептеринде “Ыйман”сабагы берилип келген.

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Нарындагы Дыйкан айылында мындан ары спирт ичимдиктери сатылбайт
24 февраль 2021
Хакасиянын тарыхында алгачкы мечит курулууда. Үммөттүн жардамы керек
12 январь 2021
Бишкекте жоолук салынгысы келген кыздарга арналган "Жоолугум-менин сыймыгым иш-чарасы" өттү
5 январь 2021
Элдик демилге: Баткен облусунун Кара-Булак айылында эми спирт ичимдиктери сатылбайт
21 декабрь 2020
Мусулман айымдарды өнүктүрүүгө арналган бизнес борбор ачылды
7 декабрь 2020
"Бейиш балдарына" арналган майрамдык кече өткөрүлдү
4 декабрь 2020
Түркияда таксист жүргүнчүнүн унутуп калган 300 миң евросун кайтарып берди
30 ноябрь 2020
Мусулмандардын "Ас-Сафа" фонду Токмокто заманбап төрөт үйүн курушту
18 ноябрь 2020
Жамал Фронтбек кызы: “Мусулман айымдарын ар тармактан өнүктүрүп, өз потенциалын ачуусуна жардам бергибиз келет”
11 ноябрь 2020
Кыргызстан мусулмандары Франциянын "исламофобиялык" саясатына каршы өз пикирин активдүү билдирүүдө
2 ноябрь 2020
Эртең Кыргызстандын бардык мечиттеринде пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ тууралуу хутба өтүлөт
29 октябрь 2020
Кадыр Маликов: “Муфтият пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) кордогон карикатураларды расмий айыптайт”
26 октябрь 2020
Муфтият айымдарга арнап онлайн-сабак уюштурууда. Эртең саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов сабак өтөт
21 октябрь 2020
Ошто жергиликтүү демөөрчү имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды
21 октябрь 2020
Өлкө тынчтыгы үчүн 1 жуманын ичинде 1613 Куран хатм кылынды. Куранды толугу менен окуп чыгуу дагы улантылат
20 октябрь 2020
Муфтий Максатбек Токтомушев митингде жаракат алган бейтаптардан кабар алды
9 октябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
Макалалар
Намаз убактылары
27 февраль 2021г.
Багымдат
06:07
Күндүн чыгуу
07:42
Бешим
13:14
Аср
17:03
Шам
18:52
Куптан
20:07
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов