3- декабрда “Бейиш балдары” коомдук фонду мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата майрамдык кече өткөрдү.
Кечеге “Бейиш балдар” фондунун жалпы жамааты, муфтияттан Акимжан ажы Эргешов, ЖК депутаты Аида Касымалиева, “Сенна Мед” медициналык центринин мүдүрү Шайлообек Үркүнбаев, Хамракулов Муса Кары жана башкалар катышып, өздөрүнүн моралдык жана материалдык колдоолорун көрсөтүштү.
Муфтияттан Акимжан ажы Эргешов кечеде: “Мен бул иш чарага 2- жолу катышып жатам. Коомдун ушундай аялуу иши менен алектенип жүргөн Уркуя, Гүлназ, Венера, Асел карындаштарыбыз менен сыймыктанам. Мен дагы 15 жылдан бери сүйлөбөгөн, баспаган кыз багып келем. Ошондуктан менин 4 балам 1 периштем бар деп дайыма айтам” деп, энелерге моралдык колдоо көрсөтүп, таасирдүү баян окуп кетти.
“Сенна Мед” медициналык центринин мүдүрү Шайлообек Үркүнбаев сөзүндө “Бул балдар Аллахтын сыноосуна шүгүр келтирген өзгөчө балдар. Дени соо балдарды таштап кеткен ата- энелерди көрүп жатабыз. Ошондуктан бул өзгөчө балдардын дайым жанында болгон ата- энелерине ыразычылык билдирип, рахмат айтам. Бүгүндөн тартып, ушул жерде отурган бардык балдарыма биздин борбордо даарылануу бекер”,- деп акысыз дарыланып кетүүгө чакырды.
“Датка айымдар” жамаатынын атынан 20 даана Электроприставка (колясканы сүйрөөчү аппарат) жана башка белектерди тапшырышып, жакын арада дагы бир сүйүнүчтүү кабар менен бөлүшөрүн билдиришти.
Бул аппарат атайын Оштон бери конок болуп келген, ДЦПдан жабыркаган Миразиз Абдиевге дагы берилди. Ал: “Мен Ошто “Тико” үлгүсүндөгү машина менен 9 жылдан бери таксист болуп иштеп, үй бүлөмдү багам. Жакында эле мэрдин колунан “Мыкты ишкер” деген ардак громата алдым. 2007- жылы апам каза болгондо “эми бул дүйнөдө эч кимге керегим жок” деп аябай кыйналгам. Сиздердин жардамыңыздарга ыраазымын, менин бул дүйнөдө жардамым тийбесе дагы, наркы дүйнөдө жардамым тиет. Сиздерди тиги дүйнөдө мойнума көтөрүп алып бейишке алып кирем. Азыр кудайга шүгүр 2 кыз, 1 уулум бар. Мен индивалид эмесмин. Балдарымдын урматына буюрса эмки жылы той берем, барыңыздарды чакырам. Тойдон кийин ажыга кетем. Мен максатыма сөзсүз жетем”,- деп көзүнө жаш алды.
Миразиз Абдиевдин сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан сөзүн кагазга: “Бизди Аллах дени сак адамдарга үлгү, эскертүүчү болсун деп жараткан. Биз бейишке биринчилерден болуп кирүүчүлөрдөнбүз” деп мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды сабырдуу, күчтүү болууга чакырган кайрылуу сөзүн жаздырып келген.
Иш- чаранын аягында “Даткайым” жамаатынын демөөрчүлөрү Миразиз Абдиевге “Фит” үлгүсүндөгү жаңы унаа алып берүү чечимин чыгарышкандыгын айтышты.
“Сөз эле “Бейиш балдары” деп айтып турат. Бейишке сапар алган балдар экен. Ушул кеченин өтүүсүнө көмөк көрсөткөн жалпы жамаатташтарым сиздер менен бейиште чоогу болгубуз келет. Сиздерге эки дүйнө Аллахым бактылуулук берсин”,- деп фонддун жамааты балдарга, ата-энелерге, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле “Бейиш балдар” коомдук фонд тарабынан мумкунчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүп келе каткан демөөрчүлөргө ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата башка дагы бир катар иш чаралар өткөрүдү. Алсак, коомдук активист, мусулман айым Индира Аркенсттин уюштуруусу менен борборубуздагы ресторандардын биринде мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын энелерине ырчылардын коштоосунда майрамдык кече өткөрүлдү. Бул кеченин өзгөчөлүгү- энелерге атайын сулуулук мастерлери массаж, макияж, маникюр кылуу сыяктуу акысыз кызматтарды көрсөтүп беришти.
12 январь 2021
4 январь 2021
31 декабрь 2020
7 декабрь 2020
2 декабрь 2020
2 декабрь 2020
30 ноябрь 2020
24 ноябрь 2020
11 ноябрь 2020
2 ноябрь 2020
29 октябрь 2020
26 октябрь 2020
21 октябрь 2020
21 октябрь 2020
20 октябрь 2020
16 октябрь 2020
14 сентябрь 2020
27 август 2020