Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мусулман айымдарды өнүктүрүүгө арналган бизнес борбор ачылды

Жарыяланды: 7 декабрь 2020

5- декабрда борборубузда бизнес тренер, дизайнер Каныкей Батырованын айымдарды өнүктүрүүгө арналган “Batyrova center” аттуу бизнес борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

%article_title%

%article_title%

Бул тууралуу Каныкей Батырова: “Бул борбор айымдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында ачылды. Анткени коомубузда ажырашуу, үй-бүлөлүк мамилелер, бала тарбиясы боюнча көйгөйлөр көп болууда. Качан аял өзүн ар тараптан өнүктүргөндө гана ушул сыяктуу көйгөйлөрдү кантип чечүүнү, кантип өнүккөн, кыйын айым боло аларын түшүнөт экен. Мына ушундай ой толгоолордун аркасынан ушул борборду ачып олтурабыз”,- деди.

Борбордо Куран курсу, кулинария, тигүү, фитнес, тил үйрөнүү сыяктуу курстар окутулуп, ошону менен бирге аялзатынын үй-бүлөдөгү орду, бала тарбиялоо, өзүн өнүктүрүү темаларында тренингтер өтүп турмакчы.

Курстар тууралуу толук маалыматтар жакынкы аралыкта борбордун инстаграмм баракчасы аркылуу жарыяланып баштайт.

%article_title%

Иш чара тааныштыруучу презентация жана экскурсия менен башталып, алып баруучу, актриса Назира Бердигулова, активист Жылдыз Ырысбековна, ырчы Асема Токтобекова, коомдук ишмер Амаль Миранова, психолог, адвокат Айгүл Шамшидинова жана башкалардын келген конокторго арналган үй-бүлөлүк бакыт, бизнес жөнүндөгү кызыктуу маектери менен уланды.

Бакыт тартуулаганың- бактылуулугуң

Иш чаранын жүрүшүндө Айзада Кожоева: “Адам качан башкаларга бактылуулук каалап, аны тартуулап жашаса- өзүн бактылуу кылганы. Аял өзү иштеп, аракет кылып, ийгиликке умтулуп, билгенин башкалар менен бөлүшүү, үйрөтүү, башкаларды кубандыруу аркылуу бактылуулукка жетет.

Каныкейдин аялзатына арналган ушул ишти баштаганы абдан жакшы нерсе. Анткени баардыгыбыз эне, такынакай келин болобуз. Кыз барган жерине батып кете турган, жагымдуу келин болууга керек болгон курстарды ачыптыр. Ушундай мусулман айымдарыбыз көбөйө берсин” деди.

%article_title%

Чыныгы өнүгүү кандай болот?

Коомдук ишмер Амаль Миранова: “Аялдарды өнүктүрүү- борбордун эң негизги максаты болгондугу алкыштарга татыктуу иш. Айтайтайын дегеним, биз “өнүгүү”, “өнүгүшүбүз керек” деп эле атабыз. Ал эми аялзаты үчүн чыныгы өнүгүү бул- анын динге байланганында. Ислам дининде чыныгы өнүгүү- динден башталат. Биз көптөгөн айымдарды билебиз материалдык жактан ийгиликтүү, бирок бактысыз. Анткени алар чон ийгилик жараткан соң күйөөсүн теңсинбөөсү, таштап кетүүсү же туура эмес иштерди кылып баштоосу мүмкүн. Ошондуктан адам акылы жактан гана эмес, руханий жактан дагы өзүн тарбиялоосу керек. Адам руханий бакытты тапкандан кийин гана чыныгы ийгиликке жетээрин унутпоосу керек”,- деп китеп белек кылып сөзүн жыйынтыктады.

Ушул сыяктуу жакшы ой бөлүшүү, чакан сабактар менен коштолгон ачылыш аземи даамдуу фуршет жана фотосессия менен аяктады.

%article_title%

%article_title%

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Нарындагы Дыйкан айылында мындан ары спирт ичимдиктери сатылбайт
24 февраль 2021
Хакасиянын тарыхында алгачкы мечит курулууда. Үммөттүн жардамы керек
12 январь 2021
Бишкекте жоолук салынгысы келген кыздарга арналган "Жоолугум-менин сыймыгым иш-чарасы" өттү
5 январь 2021
Ош шаарында алгачкы жолу дүлөйлөр үчүн жума баяны өткөрүлдү
4 январь 2021
Ирсалат Исмаилова Чоң-Алай району боюнча "Жылдын мыкты мектеп директору" болду
31 декабрь 2020
Элдик демилге: Баткен облусунун Кара-Булак айылында эми спирт ичимдиктери сатылбайт
21 декабрь 2020
"Бейиш балдарына" арналган майрамдык кече өткөрүлдү
4 декабрь 2020
Жети-Өгүздө Тилекмат айылынын жаштары жергиликтүү имамга "Volkswagen vento" унаасын белекке беришти
2 декабрь 2020
Түркияда таксист жүргүнчүнүн унутуп калган 300 миң евросун кайтарып берди
30 ноябрь 2020
Мусулмандардын "Ас-Сафа" фонду Токмокто заманбап төрөт үйүн курушту
18 ноябрь 2020
Кыргызстан мусулмандары Франциянын "исламофобиялык" саясатына каршы өз пикирин активдүү билдирүүдө
2 ноябрь 2020
Муфтият айымдарга арнап онлайн-сабак уюштурууда. Эртең саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов сабак өтөт
21 октябрь 2020
Муфтият бардык фатвалар жайгаштырылчу, окурмандардын суроолоруна жооп берчү darulifta.kg сайтын иштеп чыкты
16 октябрь 2020
Белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур дүйнө салды
14 октябрь 2020
Тоң районунда Куран жаттоо борбору курулууда
14 октябрь 2020
Муфтий өлкө тынчтыгы үчүн дин кызматкерлерине Куран хатым баштоону тапшырды
12 октябрь 2020
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 февраль 2021г.
Багымдат
06:07
Күндүн чыгуу
07:42
Бешим
13:14
Аср
17:03
Шам
18:52
Куптан
20:07