Жаштардын демилгеси менен эми Баткен облусунун Кара-Булак айылында спирт ичимдиктери сатылбайт. Бул тууралуу ютубдагы “Tez Kabar” каналы маалымдайт.
Ушул жылдын 13-декабрында 200дөн ашуун айыл тургундарынын кол коюп берүүсү менен дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатуу, такси кызматтарынын машиналарында спирт ичимдиктерин ташууга тыюу салынды.
Мындай демилгени элет айымдары көтөрүп, ал эми жаштар колдоп беришкен. Арак саткан 3-4 дүкөн мындан кийин сатпайбыз деп активисттерге тил кат жазып беришти.
Спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөр, аларды ташыган таксисттер жаза иретинде элден биротоло бөлүнүп, айылдын иш-чараларына катышпай калат. Жаштардын айтымында, бул демилге элдин тыкыр көзөмөлүндө болмокчу.
Эске салсак, Кыргызстан боюнча жергиликтүү дүкөндөрдө арак сатууга тыюу салууну 2008- жылы Ош облусунун Караке айылынын жашоочулары биринчилерден болуп демилгелеп чыгышкан. Андан соң Кыргызстандын 30 айылында бул жакшы саамалыкты улап кетишкен.
12 январь 2021
5 январь 2021
7 декабрь 2020
3 декабрь 2020
2 декабрь 2020
2 декабрь 2020
30 ноябрь 2020
24 ноябрь 2020
11 ноябрь 2020
2 ноябрь 2020
29 октябрь 2020
26 октябрь 2020
14 октябрь 2020
14 октябрь 2020
12 октябрь 2020
9 октябрь 2020
4 сентябрь 2020
27 август 2020