“Сеннамед” медициналык борборунун негиздөөчүсү Шайлообек Үркүнбаев кыргыз медицинасына кошкон эбегейсиз салымы үчүн racurs.kg сайтынын тандоосу боюнча “Жылдын мыкты дарыгери” деп таанылды.
Белгилей кетсек, Шайлообек Үркүнбаев жетектеген “Сеннамед” борбору салттуу медицина менен Пайгамбарыбыз Мухаммеддин ﷺ сүннөтүнүн негизинде дарылоону айкалыштырып, көптөгөн адамдардын айыгуусуна себепкер болуп келет. Бүгүнкү күндө клиника кардарлардын көптүгүнөн дем алышсыз иштейт.
Мунун себеби аталган клиника алгачкылардан болуп дарылоо ыкмасына интегративдик медицинаны киргизишкен. Интегративдик медицина бул – оорунун симптомун гана эмес, себебин да кошо дарылоо болуп саналат.
Бул жерде ар бир адамга индивидуалдуу мамиле жасалат. Келген бейтаптар менен алгач жакындан сүйлөшүп, алардын руханий абалын түшүнүүгө, жаман адаттардан арылууга насаат берген баяндар өтүлөт. Ооруну алдын алуу үчүн андан коргонуучу ыкмалар тууралуу да айтылат.
“Сеннамед” клиникасында жан дүйнө ооруларынан айыгууга себепкер болчу дем салуу жолу, табигый өсүмдүктөрдөн жасалган дары-дармектер, хижама жасоо ыкмалары колдонулат. Мындан тышкары, УЗИ, дарттарды аныктоочу аппараттар, гинеколог, педиатр, невролог сыяктуу дасыккан адистер иш алып барат.
Үркүнбаев Шайлообек Дүйшөнович Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, фармацевтика илимдеринин кандидаты. Ал Украинанын Харьков шаарындагы Фармация институтун ийгиликтүү аяктап, ошондон бери саламаттыкты сактоо жаатында талбай эмгектенип келет. 30 жылдан ашкан бай, тажрыйбалуу эмгек жолунда Шайлообек Үркүнбаев бир катар жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалады. Ден соолукка багытталган ишмердүүлүгүнүн соңку 10 жылында Шайлообек Үркүнбаев Ыйык Куран жана сүннөттүн негизинде дарыланууну илимий түрдө изилдеп, салттуу медицина менен айкалыштыра баштады. Илим-кесиби фармакология болгону үчүн Шайлообек Үркүнбаев дары чөптөрдү системага салып, фармацевтикалык нукка алып келген эң чоң автордук эмгегин жарыялаган.
24 февраль 2021
4 январь 2021
31 декабрь 2020
4 декабрь 2020
3 декабрь 2020
2 декабрь 2020
2 декабрь 2020
30 ноябрь 2020
18 ноябрь 2020
29 октябрь 2020
21 октябрь 2020
20 октябрь 2020
16 октябрь 2020
14 октябрь 2020
14 октябрь 2020
12 октябрь 2020
9 октябрь 2020
27 август 2020