Жылдан жылга Кыргызстанда жоолук салынууну каалаган кыздардын саны көбөйүп бара жатканы байкалууда. Алардын арасында моралдык колдоого муктаждары көп. Себеби мындай чечим кабыл аларда алар: “Үй-бүлөм, достор, тааныштарым бул кадамымды кандай кабыл алат?- деп тынчсызданышат. Жоолук салынууну каалап, бирок азырынча ага жараша жаңы кийим алууга шарты жоктор да бар. Журналист Амаль Миранова дал ушундай эже-сиңдилерге арнап, мындан 1 жума мурун “Жоолугум- менин сыймыгым” иш-чарасын өткөрдү.
Амаль Миранова журналисттик кесиби менен биргеликте түрдүү коомдук иш-чараларды уюштуруп, “Нусра” деп аталган мусулман нике агенттигин да жетектейт. Ага инстаграм аркылуу ар кандай суроо, сунуш-пикирлер менен кыз-келиндер кайрылып турушат.
“Жоолук салынат элем, бирок эрким жетпей жатат. Мусулман эже-сиңдилердин колдоосуна муктажмын” деген сыяктуу каттар инстаграм баракчама көп келет. Алардын арасында кийим-кече алууга азырынча шарты жоктору да бар. Мындай маселе менен Бишкектен эле эмес, өлкөбүздүн башка облустарынан, чет өлкөдөн да кайрылгандар бар эле. Ушул эже-сиңдилердин башын бириктирип, аларга арнап иш-чара уюштурууну кааладым. Бул саамалыкта өз жардамын аябай колдоо көрсөтчү кайрымдуу мусулман бир туугандарыбыз чыкты. Мына ушундай адамдардын колдоосу менен 25 кыздын исламдын бир парзын аткарып, жоолук салынуусуна себепчи болдук. Негизи, жалпысынан 45 кыз эле. Алардын арасында чет өлкөдө, алыскы региондо жашагандар да болгондуктан бул жакка келе алышкан жок. Ошентсе да, Көл, Сокулук, Кара-Балтадан бери атайын келип, иш-чарага катышып кеткендер болду”,
- деди Амаль айым.
“Жоолугум – менин сыймыгым” иш-чарасынын алкагында көрүнүктүү, ийгиликтүү жоолукчан айымдар өз тажрыйбасы, кеп-кеңештери менен бөлүшүп, жаңы жоолук салынган кыздарга дем-күч беришти.
Кошумчаласак, буга чейин жаш жубайлар Адыл менен Сафия да 200 кыздын жоолук салынуусуна себепчи болуп, “Жоолугум- өнүгүүмдүн башаты” иш-чарасын уюштурушкан.
















1 / 16
Башка жаӊылыктар
Хакасиянын тарыхында алгачкы мечит курулууда. Үммөттүн жардамы керек
12 январь 2021
12 январь 2021
Ирсалат Исмаилова Чоң-Алай району боюнча "Жылдын мыкты мектеп директору" болду
31 декабрь 2020
31 декабрь 2020
"Сеннамед" борборунун негиздөөчүсү Шайлообек Үркүнбаев "Жылдын мыкты дарыгери" болду
31 декабрь 2020
31 декабрь 2020
Элдик демилге: Баткен облусунун Кара-Булак айылында эми спирт ичимдиктери сатылбайт
21 декабрь 2020
21 декабрь 2020
"Бейиш балдарына" арналган майрамдык кече өткөрүлдү
4 декабрь 2020
4 декабрь 2020
Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов “Берешен” медалы менен сыйланды
3 декабрь 2020
3 декабрь 2020
Жети-Өгүздө Тилекмат айылынын жаштары жергиликтүү имамга "Volkswagen vento" унаасын белекке беришти
2 декабрь 2020
2 декабрь 2020
Түркияда таксист жүргүнчүнүн унутуп калган 300 миң евросун кайтарып берди
30 ноябрь 2020
30 ноябрь 2020
Мусулмандардын "Ас-Сафа" фонду Токмокто заманбап төрөт үйүн курушту
18 ноябрь 2020
18 ноябрь 2020
Жамал Фронтбек кызы: “Мусулман айымдарын ар тармактан өнүктүрүп, өз потенциалын ачуусуна жардам бергибиз келет”
11 ноябрь 2020
11 ноябрь 2020
Кыргызстан мусулмандары Франциянын "исламофобиялык" саясатына каршы өз пикирин активдүү билдирүүдө
2 ноябрь 2020
2 ноябрь 2020
Эртең Кыргызстандын бардык мечиттеринде пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ тууралуу хутба өтүлөт
29 октябрь 2020
29 октябрь 2020
Ошто жергиликтүү демөөрчү имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды
21 октябрь 2020
21 октябрь 2020
Муфтият айымдарга арнап онлайн-сабак уюштурууда. Эртең саат 11:00до муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов сабак өтөт
21 октябрь 2020
21 октябрь 2020
Муфтият бардык фатвалар жайгаштырылчу, окурмандардын суроолоруна жооп берчү darulifta.kg сайтын иштеп чыкты
16 октябрь 2020
16 октябрь 2020
Муфтий Максатбек Токтомушев митингде жаракат алган бейтаптардан кабар алды
9 октябрь 2020
9 октябрь 2020
Кадыр Маликов "Ойбүгүн" берүүсүнө катышты. Талкуунун темасы - "Иегова күбөлөрү. Алар кимдер?"
4 сентябрь 2020
4 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
27 август 2020