Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эл аралык аялдардын бизнес-форуму жемиштүү аяктады. Дал ушул форум Ошто 27-мартта өтөт

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 10 март 2021

“BOSWOMEN” уюму (Ийгиликтүү айымдардын бизнес ассоциациясы) 6-мартта Бишкекте 2-Эл аралык аялдардын бизнес-форумун өткөрдү. Ага мамлекеттик кызматтан жана бизнес-коомчулуктан өкүлдөр катышты.

null

“Түркия, Казакстан өлкөлөрү менен жеңил өнөр жай тармагы боюнча бир катар келишимдерди түздүк. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркиянын Соода-өнөр жай палатасы кызматташмай болду. Ошондой эле, “BOSWOMEN” уюмунун Россия, Түркия, Казахстан, Өзбекстандагы атайын өкүлдөрүн шайладык. Алдыда дагы чоң пландарыбыз бар. Буюрса, ушул эле форум 27-мартта Ошто, 17-апрелде Москвада өтөт”,
- дейт “BOSWOMEN” (Ийгиликтүү айымдардын бизнес ассоциациясы) уюмунун жетекчиси Каныкей Батырова.

null

Форумдун алкагында чет өлкөдөн келген 12 спикер ишкерчилик жаатындагы жеке тажрыйбалары менен бөлүштү. Алардын арасында Түркиянын Аланья шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү Анастасия Четинкая, Казахстандагы “ишкер айымдар кеңешинин” мүчөсү Нечаева Ирина, ишкер, меценат Аскар Салымбеков, Кыргызстандын Аялдар конгрессинин жетекиси Замира Акбагышева конокторго баалуу кеңештери менен бөлүштү.

null

Уюштуруучу Каныкей Батырованын айтымында, бизнес-форумдун максаты – ишкерчиликтеги айымдардын башын бириктирүү, өз ара тажрыйба алмашуу, ишкерчиликтин кеңейтилип, өнүгүп-өркүндөшүнө шарттарды түзүү, Кыргызстандын экономикасына салым кошуу болуп саналат.

Өзүнүн жеке бизнесин ачкысы келгендер, же азыркы тапта өз ишкерчилигин эл аралык рынокто өнүктүрүүнү каалагандар үчүн бул форум- мыкты аянтча.

null

Кыргызстандын жана Аланья шаарынын Соода-өнөр жай палаталары, Кыргызстандын Аялдар конгресси жана меценат Аскар Салымбековдун колдоосу менен Каныкей айым 2017-жылы жазган ишкерчиликти эл аралык деңгээлде өнүктүрүү боюнча чоң долбоор да ишке ашмакчы.

null

Каныкей Батырова өзү 12 жылдан бери ишкерчилик менен алектенип келет. Буга чейин Россияда жашаса, Кыргызстанга келгенине 2 жыл болду. Бул убакыт аралыгында ал Бишкекте 6-7 багыттагы бизнесин түптөп, аялдардын бизнес борборун ачканга, чоң масштабдагы иш-чараларды өткөрүүгө жетишти. Үзүрлүү эмгеги үчүн ал Бишкек шаарынын мэриясынан жана Жогорку Кеңештен ардак грамота, Кыргызстандын Аялдар конгрессинин алтын медалы менен сыйланды.

Эске салсак, Эл аралык аялдардын бизнес-форуму быйыл 2-ирет өттү.



Башка жаӊылыктар
Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. "Имамдардын күнү" атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт
15 сентябрь 2021
Ислам менен шыктанган баскетболчу Кайри Ирвинг Пакистандын миңдеген тургунун таза суу менен камсыздады
12 август 2021
Түркиянын каржылоосу менен Африкада 15 000 адам бата турган кооз мечит курулду
3 август 2021
Айсулуу Тыныбекованын аэропортто теспе тартып отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду
29 июль 2021
10-августтан тарта чет өлкөлүктөр Умра сапарына бара алышат
27 июль 2021
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Covid-19га каршы эмдөө боюнча фатва (диний чечим) чыгарды
15 июль 2021
2021-жылда курмандык чалууну биз менен бирге ишке ашырыңыз!
15 июль 2021
Өзбекстанда хиджаб кийүүгө болгон тыюу алынып салды
8 июль 2021
Бүгүн Аалымдар кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Тизме
26 июнь 2021
2021-жылдагы ажылык Сауд Аравиянын жарандарына гана өткөрүлөт
14 июнь 2021
Москвада Пайгамбарыбызга ﷺ арналган мавлид кечесине 6000 киши келди
25 май 2021
Бишкек казыяты Баткен жана Лейлекке 1,5 миллион сомдук жардам жеткирди
24 май 2021
12 жаштагы Ритай аль-Хазми дүйнөдөгү эң жаш жазуучу аталып, Гиннестин рекорддор китебине кирди
20 май 2021
Москванын “Крокус Сити Холл” чоң залында Пайгамбарыбызга ﷺ арналган “Өмүрдүн баалуулугу” аттуу кече өтөт
4 май 2021
Бишкек жана Чүйдө мечиттерде убактылуу жума намаздары окулбайт
3 май 2021
1-2-майда Кыргызстандын бардык мечиттеринде марумдардын арбагына багышталып, Куран окулду
3 май 2021
Бириккен Араб Эмираттары Баткенге 54 тонналык гуманитардык жардам жөнөттү
30 апрель 2021
Рамазандын урматына Кыргызстанда кандай жагымдуу окуялар орун алды?
22 апрель 2021
Макалалар
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов