Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте "Менин жемиштүү Рамазаным" аттуу иш-чара өттү

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 5 апрель 2021

Бишкекте, 3 - апрель күнү “Менин жемиштүү Рамазаным” аттуу диний, агартуучу багыттагы иш-чара өттү. Ал 4 айымдан турган “Sister’s club” тобу тарабынан уюштурулду.

Бул саамалыкка диний жана коомдук ишмерлер, ислам багытындагы окуу жайлардын мугалимдери катышты. Алар миллиондогон мусулмандар чыдамсыздык менен күткөн “Ыйык Рамазан айына кантип даярданып баштоо керек? “Эмнелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл?” деген темаларда сөз сүйлөштү.

null

Уюштуруучу топто мүчө, коомдук ишмер Амаль Миранова иш-чара тууралуу буларга токтолду:

“Рамазан айына мусулмандар алдын ала даярдык көрүп баштайбыз. Ар бир адам жеке өзүнүн үйүндө даярдык көрөт эмеспи. Бизде мусулман эже-сиңдилерге Рамазан айына карата чакан семинар сыяктуу кече уюштуруп, орозого жемиштүү даярдык көрүүдө себепчи болсок деген идея пайда болду. Буга чейин мен эже-сиңдилерди топтоп, “Душевная встреча” деп ат коюп, жолугушууларды өткөрүп турчумун. Бул жолкусунда да ушундай форматта Рамазанга карата жолугушуу уюштурсамбы деп жаткам. Тилектеш эже- сиңдилер: “Биз жардам берели, сен жалгыз бардыгына жетишпейсиң, чогуу, биргеликте уюштуралы”,- деп сунуштап калышты. 4 айым биригип, мына ушундай 190 адамга ылайыкталган саамалыкты өткөрдүк. Кудайга шүгүр, биз ойлогондон да мыкты болду”,
- деди Амаль айым.

null

Белгилей кетсек, “Sister’s club” тобундагы Амаль Мирановадан тышкары, туура уйку боюнча адис жана аялдарды өнүктүрүү жаатында тренер Назгүл Сулайманова, “Umma books” китеп дүкөнүнүн негиздөөчүсү, активист Гүлбарчын Жакышова, жеке ишкер Диля Юлчиева айымдар биригип, эже-сиңдилерге орозо айынын алдында эстен кеткис мыкты маанай тартуулап жана руханий даярдык көрүүгө бардык аракетин жумшашты.

Иш-чаранын алкагында Рамазан айына руханий жактан даярдык көрүү, балдарды орозого даярдоо, багымдат намазына жеңил ойгонуу, туура тамактануу, Куран окууга маани берүү, адеп-ахлакты өзгөртүү, туура ниет коюу темаларына басым жасалды.

Амаль айым бул иш-чара аркылуу илимдүү устаз жана устазаларды коомчулукка алып чыгып, таанытууну каалашканын да кошумчалады.

“Менин жемиштүү Рамазананым” иш-чарасы көңүлдүү жана, эң негизгиси, пайдалуу өтүп, даамдуу кофе-брейк жана кооз фотозонада эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

1 / 8



Башка жаӊылыктар
I “Куран жазы” республикалык Куран жарышы өтөт. Катышуу шарттары
30 август 2021
Британиялык Адам Мухаммед ажылык сапарга жөө аттанды. Меккеге 1 жылда жетет
18 август 2021
Өзбекстан мусулмандарынын муфтийи Усмонхон Алимов 72 жаш курагында дүйнө салды
16 август 2021
Оштун Имам-Ата айылында 1050 орундуу мечит ачылды
13 август 2021
Ислам менен шыктанган баскетболчу Кайри Ирвинг Пакистандын миңдеген тургунун таза суу менен камсыздады
12 август 2021
Айсулуу Тыныбекованын аэропортто теспе тартып отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду
29 июль 2021
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Covid-19га каршы эмдөө боюнча фатва (диний чечим) чыгарды
15 июль 2021
Бүгүн Аалымдар кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Тизме
26 июнь 2021
Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтүп жатат. Муфтийликке Замир Ракиев шайланды
26 июнь 2021
Турдакун Ниязалиевдин ыры Түркияда эл оозуна алынып, чоң популярдуулукка ээ болду
21 июнь 2021
2021-жылдагы ажылык Сауд Аравиянын жарандарына гана өткөрүлөт
14 июнь 2021
Москвада Пайгамбарыбызга ﷺ арналган мавлид кечесине 6000 киши келди
25 май 2021
12 жаштагы Ритай аль-Хазми дүйнөдөгү эң жаш жазуучу аталып, Гиннестин рекорддор китебине кирди
20 май 2021
Израиль полициясы “Аль-Аксадагы” мусулмандарга кол салды. 200дөн ашуун жарадар
10 май 2021
Москванын “Крокус Сити Холл” чоң залында Пайгамбарыбызга ﷺ арналган “Өмүрдүн баалуулугу” аттуу кече өтөт
4 май 2021
1-2-майда Кыргызстандын бардык мечиттеринде марумдардын арбагына багышталып, Куран окулду
3 май 2021
Кадыр ажы Маликов Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кайрылуу жасады
30 апрель 2021
Кадыр түндүн болжолдуу датасы айтылды
23 апрель 2021
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43