Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазандын урматына Кыргызстанда кандай жагымдуу окуялар орун алды?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 22 апрель 2021

Ыйык Рамазан айынын урматына Кыргызстанда көңүл кубантарлык окуялар, кайрымдуулук иштери жана акциялар жүрүп жатат. Биз аларды тизмектедик.

1- Орозонун урматына акысыз гемодиализ

"Нефро Центр" гемодиализ клиникасы муктаж болгондорго арнап “Акысыз гемодиализ” акциясын жарыялады. Акция 12-апрелден 30-майга чейин уланмакчы.

Байланыш телефондору: 0709 262 209; 0778 662 944; 0705 232 100;

Дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 188 А;

Жукеев Пудовкин көчөсү, 85/6.

null

2- Ошто акысыз маршруттук каттам

Ошто Рамазан айынын урматына №107 маршруттук каттам бардык жүргүнчүлөрдү бир ай бою бекер ташыйт. Бул демилгени айдоочулар өздөрү көтөрүп чыгышкан. Күйүүчү майга каражатты алар өз чөнтөктөрүнөн чыгарышат. Бул акцияны айдоочулар Ыйык Рамазан айынын урматына жыл сайын өткөрүп жүрүшөт.

%article_title%

3- “Фрунзе” гипермаркетинде орозодо арак сатылбайт

“Фрунзе” гипермаркеттер тармагы орозо айында алкоголдук ичимдиктерди сатууну токтотту. Бул маалыматты компаниянын өкүлдөрү тастыкташты. Бул акцияны өткөрүү менен “Фрунзе” гипермаркети орозо кармагандарга колдоо көрсөтүп, ошондой эле, мас абалында болгон кылмышктардын азаюусуна салым кошууну каалашат.

null

4- Жолдо ооз ачууга жетишпей бара жаткандарга сонун белек

Орозо айы башталгандан бери Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы “Тойбосс” жана “Салих” компаниялары менен биргеликте «Биз менен ооз ачыңыз» акциясын Бишкектин ар кайсы көчөлөрүндө уюштуруп жатат. Анда ооз ачууга жетишпей бара жаткан жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга атайын ооз ачууга ылайыкташкан чакан баштыкчалар таратылууда.

%article_title%

5- Кыргызстанда өзгөчө Куран китеп жарык көрдү

Китептин өзгөчөлүгү, биринчиден, андагы QR- код менен кирип Курандын арабча окулушунун 3 вариантын угууга болот. Экинчиден, кыргызча, түркчө, өзбекче жана орусча котормолорун да уга аласыз. Үчүнчүдөн, кайсы сүрө кайсы жерде, качан түшкөнүн, канча аяттан турарын билүүгө болот. Бул китеп “Данек” китеп дүкөнүндө атайын Рамазан айынын урматына сонун арзандатуу акциясы менен сатылууда.

%article_title%

6- Кыргызстандын бардык аймактарында кайрымдуулук иштери күчөп жатат

Кыргызстан муфтиятына караштуу казыяттарда кайрымдуулук иштери байма-бай жүрүп, азык-түлүктөр таратылууда. Жардамга муктаж үй-бүлөлөр азык-түлүк баштыктарын алып жатышат.

%article_title%

7- Ош облусунда мечит имамына жергиликтүү тургундар автоунаа белек кылышты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы «Имам-Ата» мечитинин имамы Ахматалиев Юсуфханга мечит жамааты «Hunday Avante» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Демилгени айыл аксакалы Маннаб ажы Мадумаров көтөрүп, аны жергиликтүү тургундар, Орусия жана Корея мамлекетинде эмгектенип жүргөн мекендештер колдоого алышкан.

«Кадырман калкыбыз ар убак имамдарды сыйлап келишкен. Жергиликтүү жамаат тарабынан көрсөтүлгөн мындай сый-урмат, колдоо, албетте имамдарга дем-күч берет»,- деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Ахматалиев Юсуфхан «Имам-Ата» мечитинде 7 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Курани Каримди тажвид эрежеси менен окуп, айыл элине кызмат кылып келүүдө. Ахматалиев Юсуфхан учурда «Имам-Ата» мечитин заманбап шарттары менен жаңылоодо.

%article_title%

8- Бишкекте “Рамазанда тамак-аш менен бөлүш” акциясы жүрүп жатат. Сиз да кошулуңуз!

Бишкекте “Умма” журналы демилгелеп, “Кайнар Групп” ресторандар тармагы башкы демөөрчүлүк кылган “Рамазанда тамак-аш менен бөлүш” аттуу акция жүрүп жатат. Жардамга муткаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктары таратылып, өтө оор шартта жашап жаткан тургундардын жашоо-турмушу чагылдырылууда. Стористерди калтырбай көрүңүз. Сиз да бул акцияга кошула аласыз. 1 азык-түлүк баштыгы – 1200 сом болот. Акчалай жардамды ЭлСомго 0500 034 007 которуңуз;

Төмөндөгү банк реквизиттерине да которсоңуз болот:

1. Оптима банк:

Карта номери: 4169-5853-4045-0930

ФИО: Джусупов Бекжан Эркинович

2. Демир Банк:

Доллардык эсептин төлөмү: 1180000059135147 (591351)

1180000059135349 (591353)

Евролук эсептин төлөмү: 1180000059135248 (591352)

ФИО: Джусупов Бекжан Эркинович

????Сбербанк картасы.

5469 3800 7803 0573

Марат Жакыпович Т

3. Золотая Корона:

ФИО: Джусупов Бекжан Эркинович

Телефон номер: +996555279595

4. PayPal: bekzhan.dzhusupov@gmail.com

4. Дүйнө боюнча акчалай которуулар:

ФИО: DZHUSUPOV BEKZHAN ERKINOVICH

✔ Бузулбай турган азык-түлүктөрдү (ун, шекер, май жана башка) төмөндөгү дарек боюнча жардам пунктуна алып келиңиз: “Тюбетейка” рестораны, Турусбеков көчөсү, 31.

%article_title%

Рамазанда жакшы иштерди жасоого шашылыңыз!

Тегдер: Islam House


Башка жаӊылыктар
I “Куран жазы” республикалык Куран жарышы өтөт. Катышуу шарттары
30 август 2021
Ислам менен шыктанган баскетболчу Кайри Ирвинг Пакистандын миңдеген тургунун таза суу менен камсыздады
12 август 2021
Түркиянын каржылоосу менен Африкада 15 000 адам бата турган кооз мечит курулду
3 август 2021
Айсулуу Тыныбекованын аэропортто теспе тартып отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду
29 июль 2021
10-августтан тарта чет өлкөлүктөр Умра сапарына бара алышат
27 июль 2021
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Covid-19га каршы эмдөө боюнча фатва (диний чечим) чыгарды
15 июль 2021
2021-жылда курмандык чалууну биз менен бирге ишке ашырыңыз!
15 июль 2021
Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет
9 июль 2021
Өзбекстанда хиджаб кийүүгө болгон тыюу алынып салды
8 июль 2021
Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтүп жатат. Муфтийликке Замир Ракиев шайланды
26 июнь 2021
Москвада Пайгамбарыбызга ﷺ арналган мавлид кечесине 6000 киши келди
25 май 2021
Газада Израилдин жардыруусунан набыт кеткендер 212ге жетти. 61и- жаш балдар
18 май 2021
Израиль полициясы “Аль-Аксадагы” мусулмандарга кол салды. 200дөн ашуун жарадар
10 май 2021
Москванын “Крокус Сити Холл” чоң залында Пайгамбарыбызга ﷺ арналган “Өмүрдүн баалуулугу” аттуу кече өтөт
4 май 2021
Бишкек жана Чүйдө мечиттерде убактылуу жума намаздары окулбайт
3 май 2021
Кадыр ажы Маликов Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кайрылуу жасады
30 апрель 2021
“Баткенге жардам” кайрымдуулук штабы түзүлдү
30 апрель 2021
Кадыр түндүн болжолдуу датасы айтылды
23 апрель 2021
Макалалар
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов