Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр ажы Маликов Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кайрылуу жасады

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 30 апрель 2021

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кайрылуу жасады.

%article_title%

"Ырайымдуу жана боорукер Аллахтын ысымы менен!

Аллахтын ысымы менен эки элдин интеллигенцияларына, коомдук ишмерлерлерине жана активисттерине кайрылам!

Байыртадан бери, Ыйык Рамазан айы башталганда талаш-тартыштар, карама-каршылыктар жана согуштар токтогон!

Бул айда согуш талаасынадагы душмандар дагы кармашын токтотуп, тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаган!

Учурда, эки өлкөнүн коомдогу аң сезимдүү күчтөрүнө, дин башкармалыктарына чакырык жасайм. Мындай абалда, биз чек ара аймактарын тынчтыкка жана ал жактагы курч кырдаалды турукташтырууга чакырышыбыз керек.

Ал эми, биздин өлкөлөрдөгү жаштарга, эки тараптан тең чыгып жаткан провокацияларга, манипуляцияларга жана ар түрдүү улуттук чакырыктарга алдырбаганга үндөп кетем!

Ыйык Рамазан айында өзгөчө соцтармактагы ачууга, жек көрүүгө жана эмоцияларга алдырбагыла! Бул, чыр-чатакты күчөтүү үчүн болуп жаткан атайын маалымат согушу. Биздин саясатчылар геостратегиялык максаттарды көздөгөн белгилүү бир күчтөрдүн куралы болуп калуудан абайлашы керек!

Мындай чыр-чатактардан пайда тапкан белгилүү бир топтор бар жана Фергана өрөөнүндөгү туруксуздукка кызыкдар геосаясий оюнчулар да бар. Афганистандагы кырдаал Борбордук Азияга да байланып калышы ыктымал.

Биз ал топторго, эки өлкөнүн жана эки бир тууган элдин ортосуна жек көрүү жана согуш отун жагышына жол бербешибиз керек!

Аллах бизге кошуналарыбызды бир туугандык, кошуналык мамиле курганга тандап берген!

Бул күндөр өтөт, чатактар басаңдайт, бирок эл арасында кошуналар жана алар жөнүндө элестер калат!

Эки өлкөнүн, эки бир тууган мусулман элдеринин каршылашуусунда жеңгендер же жеңилгендер болбойт! Чатактын бардык тарапташтары жеңилген болот!

Биздин өлкөлөрдө жана биздин аймакта туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого бир Алла өзү жардам берсин!"

Тегдер: Islam House


Башка жаӊылыктар
I “Куран жазы” республикалык Куран жарышы өтөт. Катышуу шарттары
30 август 2021
Британиялык Адам Мухаммед ажылык сапарга жөө аттанды. Меккеге 1 жылда жетет
18 август 2021
Оштун Имам-Ата айылында 1050 орундуу мечит ачылды
13 август 2021
Айсулуу Тыныбекованын аэропортто теспе тартып отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду
29 июль 2021
10-августтан тарта чет өлкөлүктөр Умра сапарына бара алышат
27 июль 2021
2021-жылда курмандык чалууну биз менен бирге ишке ашырыңыз!
15 июль 2021
Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет
9 июль 2021
Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтүп жатат. Муфтийликке Замир Ракиев шайланды
26 июнь 2021
Турдакун Ниязалиевдин ыры Түркияда эл оозуна алынып, чоң популярдуулукка ээ болду
21 июнь 2021
2021-жылдагы ажылык Сауд Аравиянын жарандарына гана өткөрүлөт
14 июнь 2021
Бишкек казыяты Баткен жана Лейлекке 1,5 миллион сомдук жардам жеткирди
24 май 2021
12 жаштагы Ритай аль-Хазми дүйнөдөгү эң жаш жазуучу аталып, Гиннестин рекорддор китебине кирди
20 май 2021
Газада Израилдин жардыруусунан набыт кеткендер 212ге жетти. 61и- жаш балдар
18 май 2021
Москванын “Крокус Сити Холл” чоң залында Пайгамбарыбызга ﷺ арналган “Өмүрдүн баалуулугу” аттуу кече өтөт
4 май 2021
Бишкек жана Чүйдө мечиттерде убактылуу жума намаздары окулбайт
3 май 2021
1-2-майда Кыргызстандын бардык мечиттеринде марумдардын арбагына багышталып, Куран окулду
3 май 2021
Бириккен Араб Эмираттары Баткенге 54 тонналык гуманитардык жардам жөнөттү
30 апрель 2021
Кадыр түндүн болжолдуу датасы айтылды
23 апрель 2021
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43