Израиль күчтөрүнүн кол салуусунун жыйынтыгында, акыркы маалыматттарга караганда, 200дөн ашуун палестиналык жабыр тартты.
Израиль полициясы 7-майда оккупацияланган Чыгыш Иерусалимдеги “Аль-Акса” мечитине кол салып, жыйынтыгында, 200дөн ашуун палестиналык жараат алды. Бул тууралуу палестиналык “Кызыл жарым ай коому” кабарлайт.
Жума намазы окулуп жаткан кезде израиль полициясы мечиттин аймагына кирип келишип, мусулмандарды кулак тундуруучу гранаталар жана газ бомбалары менен аймактан кубалоого аракеттенишкен.
Эки тараптын ортосундагы кагылыш израиль аскерлеринин палестиналыктарга “Аль-Акса” мечитине кирүүгө тыюу салгылары келгендигинин себебинен чыккан.
Израилдин коопсуздук күчтөрү палестиналыктарга үн чыгаруучу граната, резина окторун колдонушкан, ал эми палекстиналыктар жооп иретинде таш жана айнек бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.
“Аль-Акса” мечитинин аймагында жана комплекстин айланасында чыңалган абал сакталууда.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жалпы Ислам дүйнөсүн Израилге каршы биригүүгө чакырды.
Түркия, Малайзия, Иран, Бириккен Араб Эмирлиги Израиль тараптын палестиналыктарга карата кол салуусун айыптап чыгышты.
Тарыхый жактан алганда, Иерусалим (Аль-Кудс) - үч диндин борбору. Ар бир мусулман үчүн Мекке жана Мединадан кийинки "Аль-Акса" мечити менен Иерусалим 3- ыйык жер, мусулмандардын биринчи кыбыласы болуп саналат. Бүгүнкү күндө Иерусалим (аль-Кудс) жалпы мусулмандардын ачык жарасы жана кайгысы боюнча калууда. Бул күндөрдө Палестинадагы мусулман бир туугандар жалпы үммөттүн дуасына муктаж.
26 июль 2022
25 июль 2022
25 июль 2022
22 июль 2022
21 июль 2022
20 июль 2022
19 июль 2022
18 июль 2022
14 июль 2022
12 июль 2022
8 июль 2022
4 июль 2022
24 июнь 2022
24 июнь 2022
16 июнь 2022
13 июнь 2022
9 июнь 2022
7 июнь 2022