Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Газада Израилдин жардыруусунан набыт кеткендер 212ге жетти. 61и- жаш балдар

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: "Анадолу" агенттиги / Жарыяланды: 18 май 2021

Израиль дүйнө коомчулугунун көз алдында оор аскердик кылмыш жүргүзүп жатат. “Анадолу” агенттигинин акыркы маалыматына караганда, Газада Израилдин жардыруусунан набыт кеткендердин саны 212 адамга жетти.

Алардын ичинде 61 жаш бала жана 36дан ашуун аял бар. 1400төн көп адам жаракат алды. Мунун ичинде 400 жаш бала болсо, 270и – аялдар. Бул статистиканы Палестинанын Газа тилкесиндеги Саламаттыкты сактоо министрлиги келтирет.

%article_title%

Израиль аскерлери медицина жайларын, балдар үйү, мечит жана ооруканага кеткен жолдорду жардырышкан. Каза болгондолрдун арасында 2 доктур бар.

Эске салсак, бул чырдын башы Израиль полициясы 7-майда оккупацияланган Чыгыш Иерусалимдеги “Аль-Акса” мечитине кол салуусунан башталган. Жума намазы окулуп жаткан кезде израиль полициясы мечиттин аймагына кирип келишип, мусулмандарды кулак тундуруучу гранаталар жана газ бомбалары менен аймактан кубалоого аракеттенишкен.

Израилдин коопсуздук күчтөрү палестиналыктарга үн чыгаруучу граната, резина окторун колдонушкан, ал эми палестиналыктар жооп иретинде таш жана айнек бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

Бүгүнкү күндө мусулмандардын ыйык жери тепсендиде калып, Иерусалим кош стандарттардын, адилетсиздик жана зулумдун символу болуп калды.

1-дүйнөлүк согуштан бери чечилбей, чоң кагылышуулар, кан төгүүлөргө себеп болгон Иерусалим маселеси бүгүнкүгө дейре дүйнө коомчулугунун көзөмөлүндө болуп, ага байланыштуу бир беткей чечим чыгарыла элек.

Тарыхый жактан алганда Иерусалим (Аль-Кудс) - үч диндин борбору. Ар бир мусулман үчүн Мекке жана Мединадан кийинки аль-Акса мечити менен Иерусалим 3- ыйык жер саналат. Бүгүнкү күндө Иерусалим (аль-Кудс) жалпы мусулмандардын ачык жарасы жана кайгысы боюнча калууда.

Сүрөттөр: "Анадолу" агенттиги

1 / 4



Башка жаӊылыктар
15 тил билген имам туристтерге Ислам динин сүйүү тилинде жеткирет
17 август 2022
77 жаштагы чоң ата Куран окуганды үйрөндү
28 июль 2022
Түркиянын биринчи айымы жаратылышты коргоого кошкон салымы үчүн сыйланды
26 июль 2022
Египеттик хафиз куранды 7 саатта катасыз окуп бүттү
25 июль 2022
Окуучулардын хиджаб кийүүсүнө тыюу салынган индиялык штатта жеке менчик мектептерди ачылат
22 июль 2022
Операциядан жаңы чыккан жигит азан айтып, таң калтырды
21 июль 2022
Кашмирлик каллиграф узун кагазга куранды жазып, рекорд койду
14 июль 2022
Ажылык кылган зыяратчыларга 25 миң белек таратылды
12 июль 2022
БАЭ: Курман Айттын урматына 1700 адам абактан бошотулду
8 июль 2022
Кара-Суу районунда 5 миң орундук мечит ачылды
8 июль 2022
15 жыл Израиль түрмөсүндө камалган Рамзини колуктусу тосуп алды
28 июнь 2022
Саудовская Аравия стремится к экологически чистому хаджу
27 июнь 2022
Мусулман футболчу Садио Мане такыбаа кызга гана үйлөнөрүн билдирди
17 июнь 2022
Бишкекте түрк кинолорунун жумалыгы өтүп, тасмалар акысыз көрсөтүлөт
14 июнь 2022
Венецияда биринчи жолу мечит ачылды
13 июнь 2022
Индияда интернет өчүрүлүп, көчөгө чыккан мусулмандар кармалууда
13 июнь 2022
Фатима жөнүндө тартылган фильм мусулмандардын нааразычылыктарынан кийин кинотеатрлардан алынды
8 июнь 2022
Индияда Мухаммед пайгамбарды ﷺ кемсинткен саясатчы партиядан четтетилди
7 июнь 2022
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
17 август 2022г.
Багымдат
4:23
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:06
Аср
17:59
Шам
20:05
Куптан
21:29