Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Москвада Пайгамбарыбызга ﷺ арналган мавлид кечесине 6000 киши келди

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 25 май 2021

Москва шаарындагы «Kpoкyc Сити Холл» залында 23-майда сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ﷺ урматына арналган «Өмүрдүн баалуулугу» аттуу Мавлид кечеси уюштурулду. Ага көрүүчү катары жалпысынан 6000дей киши катышты. Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Россия шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

%article_title%

Аталган өкүлчүлүктүн жетекчиси Сүйүмбек Жусубалиев Пайгамбарыбыздын ﷺ урматына арналган кече жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи:

“Даярдык иштерине чоң күч жумшадык. Биз ойлогондой мыкты деңгээлде өттү. Россияда иштеп жүргөн мигранттарыбыздын руханий маалыматтарга суусап турганын жыл сайын байкайбыз. Мавлид кечесине билет тез эле сатылып кетет. Анан иш-чаранын соңуна дейре коноктор эч жакка жылбай, көрүп отурушат. Бул жылы мурда чакыра элек дин аалымдарын чакырып, элге акыл-насаатын айттырдык. Ошондой эле, маркум Чубак устаздын атасы менен улуу баласын да конок катары иш-чарабызга алып келдик. Россиянын ар аймактарынан атайын мавлид кечесин көрөбүз деп келген мигрант мекендештер арбын болду”,
- деди Сүйүмбек Жусубалиев.

Кыргызстандан аталган иш-чарага Азирети муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиев, Кыргызстандын Диш иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаев жана анын орун басары Гүлназ Исаева, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, дин аалымдары Абдишүкүр ажы Нарматов, Тариэл ажы Абжалбеков, Абдулазиз ажы Юлдашев, «Мутакаллим» аялдардын коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы чакырылган.

Мавлид кечесинде конок болгон Москва шаарынын муфтийи Ильдар Аляутдинов иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Россия шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган футбол турниринин жеңүүчүлөрү да иш-чаранын жүрүшүндө сыйланып, Чубак ажы Жалиловдун атасынын колунан белектерди алышты.

Белгилей кетсек, бул мавлид кечесинин аталышын жана ички мазмунун, сценарийин Кыргызстан муфтиятынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сүйүмбек Жусубалиев иштеп чыккан. Ал бул иш-чара аркылуу ар бир келген көрүүчүгө өмүрдүн баалуулугун, анын Аллах Таала тарабынан адамзатка берилген эң чоң аманат экендигин, адамдарды өлгөндөн кийин гана эмес, тирүү кезинде кардырлап калуунун маанисин жеткирүүнү каалаган.

1 / 8



Башка жаӊылыктар
Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. "Имамдардын күнү" атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт
15 сентябрь 2021
Британиялык Адам Мухаммед ажылык сапарга жөө аттанды. Меккеге 1 жылда жетет
18 август 2021
Оштун Имам-Ата айылында 1050 орундуу мечит ачылды
13 август 2021
Ислам менен шыктанган баскетболчу Кайри Ирвинг Пакистандын миңдеген тургунун таза суу менен камсыздады
12 август 2021
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Covid-19га каршы эмдөө боюнча фатва (диний чечим) чыгарды
15 июль 2021
2021-жылда курмандык чалууну биз менен бирге ишке ашырыңыз!
15 июль 2021
Өзбекстанда хиджаб кийүүгө болгон тыюу алынып салды
8 июль 2021
Бүгүн Аалымдар кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Тизме
26 июнь 2021
Турдакун Ниязалиевдин ыры Түркияда эл оозуна алынып, чоң популярдуулукка ээ болду
21 июнь 2021
2021-жылдагы ажылык Сауд Аравиянын жарандарына гана өткөрүлөт
14 июнь 2021
Бишкек казыяты Баткен жана Лейлекке 1,5 миллион сомдук жардам жеткирди
24 май 2021
Израиль полициясы “Аль-Аксадагы” мусулмандарга кол салды. 200дөн ашуун жарадар
10 май 2021
Бишкек жана Чүйдө мечиттерде убактылуу жума намаздары окулбайт
3 май 2021
1-2-майда Кыргызстандын бардык мечиттеринде марумдардын арбагына багышталып, Куран окулду
3 май 2021
Кадыр ажы Маликов Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кайрылуу жасады
30 апрель 2021
Бириккен Араб Эмираттары Баткенге 54 тонналык гуманитардык жардам жөнөттү
30 апрель 2021
“Баткенге жардам” кайрымдуулук штабы түзүлдү
30 апрель 2021
Рамазандын урматына Кыргызстанда кандай жагымдуу окуялар орун алды?
22 апрель 2021
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар