Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Турдакун Ниязалиевдин ыры Түркияда эл оозуна алынып, чоң популярдуулукка ээ болду

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 21 июнь 2021

Таалим-тарбия, адеп-ахлак темаларында обондуу чыгармаларды жазып, мекенчилдикке үндөгөн маданият кызматкери Турдакун Ниязалиев жакында эле Түркия мамлекетине арнап, “Улуу Түркия” аттуу ырды аткарып чыкты. Бул ырдын сөзү жана обону Турдакун мырзанын өзүнө таандык.

%article_title%

“Улуу Түркия” ырынын тексти кыргыз жана түрк тилдеринде жазылып, анда Түркиянын меймандостугу, мусулман үммөтүнө ар дайым кыйынчылыкта кол созгону тууралуу айтылып, муну менен бирге Түркиянын тарыхында маанилүү ролду ойногон саясий лидерлердин ысымы эскерилген.

Алгач бул ырдын аудио версиясы слайддын коштоосунда чыгып, 3 күндүн ичинде эле түрк элине желдей тараган. Чыгарманы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2-3 ирет кайталап укканын анын кеңешчилери айтышкан.

%article_title%

“Түркия парламентинин депутаты жана Режеп Тайип Эрдогандын кеңешчиси Режеп Шекер “Түркия үчүн жакшы ыр жазыпсың” деп, ыраазычылыгын билдирди. Режеп Шекер мырза бир катар ишкерлер менен Бишкекке иш-сапарына келишип, алар менен бул жакта жолуктук. Түркиянын маданият тармагы боюнча президенттин кеңешчиси Ялчын Топчу биздин маданият министрлигине бул ыр Түркия президентинин купулуна толгонун айтыптыр”,
- дейт Турдакун мырза.

%article_title%

Ал эми мындай темада чыгарма жазуу идеясы кандайча келгенин Турдакун Ниязалиев кененирээк айтып берди:

“Түрк менен кыргыз - тарыхый жактан алганда бир тууган эл. Өзгөчө түрктөр кыргыздарга боор тартып, “биздин бир туугандарыбыз” деп жакшы көрүп турушат. Бул Түркияга барганда аябай сезилет. Анкара шаарында акылдуу шаар долбооруна тийиштүү техникаларды чыгарган ишкананын жана техникалардын атын түрктөр “Манас” деп аташыптыр. Алар кыргыздын элдик баатыры болгон Манасты өздөрүнүн атасындай кабыл алып, маанилүү объектилердин бирине анын атын коюшту. Ошондой эле, Түркияда “Otokar” компаниясы иштеп чыккан жөө аскерлер унаасына “Тулпар” деген ысым ыйгарышыптыр. Аталган ишкананын башчысы Сердар Геркүч жаңы муундун аскер техникасынын ысымы кыргыздын “Манас” эпосундагы баатырлардын жанын сактаган тулпарлардын урматына коюлганын айткан. Түрк элинин мына ушундай кыргыз элине боор тартып, жакын көргөнүнөн илхам алып, мен да Түркияга арнап чыгарма жазгым келди. Бул ырым аркылуу эки элдин достугуна жана өз ара кызматташуусуна өз салымымды кошууну кааладым”,
- деп ой бөлүштү Турдакун мырза.

“Улуу Түркия” чыгармасы Түркияда абдан жылуу кабыл алынып, түрк массалык маалымат каражаттары тарабынан кенен чагылдырылды. Кыргызстанда да ырды патриоттук менен достуктун духунда кабыл алгандар көп болду.

“Албетте, жакшы пикирлер менен бирге терс ой айткандар да бар. Бул ырымды кошоматчылык деп баалап, андан көрө Кыргызстанга арнап ыр чыгарбайсыңбы деп жазгандар чыкты. Алар менин Кыргызстанга арналган ырым бар экенин билишпейт окшойт. “Улуу Түркия” ырымдын маанисин туура түшүнүп, патриоттуулук менен ынтымак, достукка чакырган чыгарма катары кабыл алган угармандарыма ыраазычылыгымды билдирем. Бул оюма кошумча, бизде маданият жан шоу бизнес тармагын чагылдырган массалык маалымат каражаттарынын мындай саамалыкка көңүл кош карашкандыктары мени ойлондурганын да айта кетпесем болбойт. Азыр ким кандай көйнөк кийди, каякка барып тамак ичкени тууралуу маанисиз, толгон-токой маалыматтар жазылып жатат. Ошолордун арасында эл аралык дипломатияга арналган салмактуу чыгарманын журналисттердин көзүнө илинбей калганы мен үчүн суроо жаратты. Албетте, капаланбайм. Эң башкысы- элдин таразасы”,
- деди Турдакун мырза.

Ал арада күн сайын түрк элинен Турдакун мырзанын социалдык тармагына келген ыраазычылык каттары, Түркия прессасында кыргызстандык ырчынын “Улуу Түркия” чыгармасы активдүү чагылдырылып жатканы чынында эле эки элдин өз ара туугандык жана достук алакасына зор таасирин тийгизип жатканы байкалды.



Башка жаӊылыктар
77 жаштагы чоң ата Куран окуганды үйрөндү
28 июль 2022
Түркиянын биринчи айымы жаратылышты коргоого кошкон салымы үчүн сыйланды
26 июль 2022
Меккеге жашыруун кирген израилдик журналист катуу сынга алынды
21 июль 2022
Операциядан жаңы чыккан жигит азан айтып, таң калтырды
21 июль 2022
Британиялык мечит ысыктан коргонгусу келгендер үчүн өз эшигин ачты
20 июль 2022
Ажыларга быйыл 12 млн литр зам-зам суусу таратылды
19 июль 2022
Бангладештик мусулман 7 жылдан бери өз эрки менен таштанды чогултуп келет
18 июль 2022
Аллахты мактап, эл жүрөгүнөн орун алган акын аксакал
12 июль 2022
БАЭ: Курман Айттын урматына 1700 адам абактан бошотулду
8 июль 2022
Англиянын футбол клубу өз территориясында Айт намазын окууга чакырды
4 июль 2022
15 жыл Израиль түрмөсүндө камалган Рамзини колуктусу тосуп алды
28 июнь 2022
Саудовская Аравия стремится к экологически чистому хаджу
27 июнь 2022
Бишкекте эл аралык деңгээлдеги Куран жарыш уюштурулат
24 июнь 2022
Танзила майыптыгана карабай, чоң иштерди кылып келет
24 июнь 2022
Мусулман футболчу Садио Мане такыбаа кызга гана үйлөнөрүн билдирди
17 июнь 2022
Ажылардын алгачкы тобу Мединага сапар тартты
16 июнь 2022
Фатима жөнүндө тартылган фильм мусулмандардын нааразычылыктарынан кийин кинотеатрлардан алынды
8 июнь 2022
Курман Айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
7 июнь 2022
Намаз убактылары
17 август 2022г.
Багымдат
4:23
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:06
Аср
17:59
Шам
20:05
Куптан
21:29
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов