Эми Өзбекстанда коомдук жайларда жоолук салынып жүрүүгө болот. 5-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамындагы жаңы өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, Өзбекстанда коомдук жайларда жоолук салынууга тыюу салуу өкүмү толугу менен алынып салды.
Мыйзам долбоору Мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан ушул жылдын 4-майында жана Сенат тарабынан 26-июнда кабыл алынган.
2014-жылдан бери коомчулукка убада кылынып келе жаткан мыйзамдагы эң маанилүү өзгөртүү бул коомдук жайларда жоолук салынууга тыюу салынган өкүмдүн толугу менен алынып салышы болду.
"Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" 1998-жылдагы чыгарылган мыйзамдын 14-беренеси коомчулуктун нааразычылыгын жараткан, анда: "Өзбекстан Республикасынын диний уюмдардын кызматкерлеринен тышкары жарандарына коомдук жайларда жоолук салынууга тыюу салынары жазылган.
Бул мыйзамды бузгандар Административдик жоопкерчилик кодексинин 184-беренесине ылайык айып пул салынган, же 15 суткага чейин камакка алынган.
Мирзиёевдин абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү жаңы мыйзамга кол коюшу менен коомдук жайларда жоолук салынгандыгы үчүн адамдарды жазалоо практикасы мыйзам тарабынан жокко чыгарылды.
Мыйзамдын түшүндүрмөсүндө: «Учурдагы мыйзамдарда "хиджаб" деген терминдин юридикалык аныктамасы жок болгондуктан, коомдук жайларда аны кийүүгө тыюу салуу мыйзамдан алынып салынды.
Ошол эле учурда, колдонулуп жаткан башка мыйзамдарга ылайык, диний билим берүү, мамлекеттик мекемелердин сыртында сыйынуу жана мамлекеттин уруксатысыз диний материалдарды жарыялоо сыяктуу чектөөлөр кала берди.
Коомдук уюмдардагы жана мекемелердеги кызматкерлердин кийимине карата талаптар алардын ички документтери менен жөнгө салынат.
Ошондой эле, Өзбекстанда жоолук салынган студенттердин окуу жайга киришине тыюу салынат. Мектепте жоолук салынган студенттердин абалы бир катар эл аралык адам укуктары жана диний эркиндик уюмдары тарабынан сынга алынууда.
26 июль 2022
25 июль 2022
25 июль 2022
21 июль 2022
19 июль 2022
18 июль 2022
12 июль 2022
8 июль 2022
8 июль 2022
4 июль 2022
27 июнь 2022
24 июнь 2022
17 июнь 2022
14 июнь 2022
13 июнь 2022
13 июнь 2022
9 июнь 2022
7 июнь 2022