Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Covid-19га каршы эмдөө боюнча фатва (диний чечим) чыгарды

Жарыяланды: 15 июль 2021

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатва (диний чечим) чыгарды. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайтында жазылат.

%article_title%

Фатва толугу менен берилет:

بسم الله الرحمن الرحيم

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ААЛЫМДАР КЕҢЕШИ

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин

VII чакырылышынын чечиминин негизинде

COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүү жөнүндө төмөнкүдөй фатва чыгарат:

№ 01 ФАТВА

Өткөн жылы COVID-19 пандемиясы канчалаган адамдардын өмүрүн алып кеткендиги бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү. Тилекке каршы, акыркы учурларда ооругандардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу маселеси өтө актуалдуу болууда. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин пикири боюнча, оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма ¬- бул адамдарды массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат.

Дарыгер адистердин айтуусуна таянып, инфекция жугуу коркунучуна кабылгандар үчүн оорунун алдын алуу ыкмаларын колдонуу кажет. Ал эми медициналык эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналат.

Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, эмдөөгө Исламда каршылык жок.

Ошондуктан, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес.

Пандемия илдети бүткүл дүйнөнү каптагандыктан, жогорудагы фатваны “Эл аралык Фикх Ислам Академиясы” жана “Даруль-ифта мисрия” сыяктуу дүйнөдөгү таанымал уюмдар жана фатва идараларынын чечимдери тастыктайт.

والله أعلم بالصواب

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев

14-июль, 2021-жыл



Башка жаӊылыктар
Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. "Имамдардын күнү" атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт
15 сентябрь 2021
Британиялык Адам Мухаммед ажылык сапарга жөө аттанды. Меккеге 1 жылда жетет
18 август 2021
Оштун Имам-Ата айылында 1050 орундуу мечит ачылды
13 август 2021
Ислам менен шыктанган баскетболчу Кайри Ирвинг Пакистандын миңдеген тургунун таза суу менен камсыздады
12 август 2021
Айсулуу Тыныбекованын аэропортто теспе тартып отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду
29 июль 2021
10-августтан тарта чет өлкөлүктөр Умра сапарына бара алышат
27 июль 2021
Өзбекстанда хиджаб кийүүгө болгон тыюу алынып салды
8 июль 2021
Турдакун Ниязалиевдин ыры Түркияда эл оозуна алынып, чоң популярдуулукка ээ болду
21 июнь 2021
2021-жылдагы ажылык Сауд Аравиянын жарандарына гана өткөрүлөт
14 июнь 2021
Бишкек казыяты Баткен жана Лейлекке 1,5 миллион сомдук жардам жеткирди
24 май 2021
12 жаштагы Ритай аль-Хазми дүйнөдөгү эң жаш жазуучу аталып, Гиннестин рекорддор китебине кирди
20 май 2021
Израиль полициясы “Аль-Аксадагы” мусулмандарга кол салды. 200дөн ашуун жарадар
10 май 2021
Москванын “Крокус Сити Холл” чоң залында Пайгамбарыбызга ﷺ арналган “Өмүрдүн баалуулугу” аттуу кече өтөт
4 май 2021
1-2-майда Кыргызстандын бардык мечиттеринде марумдардын арбагына багышталып, Куран окулду
3 май 2021
Бириккен Араб Эмираттары Баткенге 54 тонналык гуманитардык жардам жөнөттү
30 апрель 2021
“Баткенге жардам” кайрымдуулук штабы түзүлдү
30 апрель 2021
Кадыр түндүн болжолдуу датасы айтылды
23 апрель 2021
Рамазандын урматына Кыргызстанда кандай жагымдуу окуялар орун алды?
22 апрель 2021
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов