Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ислам менен шыктанган баскетболчу Кайри Ирвинг Пакистандын миңдеген тургунун таза суу менен камсыздады

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 12 август 2021

“Бруклин Нетс” клубунда ойногон австралиялык жана америкалык профессионал баскетболчу Кайри Ирвинг ушул жылдын апрель айында Ислам динин кабыл алганын жарыялаган. Андан бери спортчу кайрымдуулук иштери менен активдүү алектенип баштады. Бул тууралуу sports.ru сайты жазат.

%article_title%

Кайри Ирвинг “K.A.I. Family Foundation” фондун негиздеп, ал бир эле убакта бир катар тармакта кайрымдуулук иштерин алып барат: аялдарга билим берүү жана колдоо көрсөтүү, социалдык теңдик үчүн күрөш, ошондой эле калкты таза суу менен камсыз кылуу.

Июль айынын аягында Ирвинг Пакистанда суу тазалай турган борбор курууга чоң каражат бөлгөн.

Эми бул борбордон Пакистандын Тарпаркара деген жеринин миңден ашуун жашоочулары таза суу менен камсыз болушту. Бул жердин тургундарынын 87 пайызы кедейчиликте жашайт жана таза суу маселеси аларга чоң көйгөйдү жаратып келген. Таза сууну алып келүү көбүнчө аялдардын мойнуна жүктөлгөн. Чоң идиштердин жардамы менен аялдар бир күндө бир нече жолудан үйлөрүнө кир сууну ташып келишет да, бул сууну алар өзүлөрүнүн атайын ыкмалары менен тазалашчу.

Эми Ирвингдин жардамынын аркасында суу тазалоочу станция адамдарды таза суу менен камсыз кылып, мындан тышкары күн батареялары менен иштеген электр тогу алардын үйлөрүн да жарыктандырат. Мындан тышкары, тазаланган сууну өсүмдүктөрдү сугарууга да пайдаланышары айтылууда.

Ирвинг буга чейин да бир катар кайрымдуулук акцияларына байма-бай катышкан.

“Менин Аллахка болгон сыйынуум ушундай. Мусулман коомунун бир мүчөсү болгонума бактылуумун. Кайрымдуулук иштерине менин ишенимим түрткү берет”,
- деп айткан ал.

1 / 5



Башка жаӊылыктар
Мусулман футболчуларына жаңы шарттар түзүлдү
25 октябрь 2021
Мусулман жазуучу Абдулразак Гурна адабият боюнча Нобель сыйлыгын алды
8 октябрь 2021
Канадада Ислам тарыхы айы белгиленет
6 октябрь 2021
Республикалык Куран жарышы жыйынтыкталды.1-орунга Маллабаев Иброхим татыды
27 сентябрь 2021
Британиялык Адам Мухаммед ажылык сапарга жөө аттанды. Меккеге 1 жылда жетет
18 август 2021
Түркиянын каржылоосу менен Африкада 15 000 адам бата турган кооз мечит курулду
3 август 2021
Айсулуу Тыныбекованын аэропортто теспе тартып отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду
29 июль 2021
10-августтан тарта чет өлкөлүктөр Умра сапарына бара алышат
27 июль 2021
2021-жылда курмандык чалууну биз менен бирге ишке ашырыңыз!
15 июль 2021
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Covid-19га каршы эмдөө боюнча фатва (диний чечим) чыгарды
15 июль 2021
Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет
9 июль 2021
Өзбекстанда хиджаб кийүүгө болгон тыюу алынып салды
8 июль 2021
Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтүп жатат. Муфтийликке Замир Ракиев шайланды
26 июнь 2021
Бишкек казыяты Баткен жана Лейлекке 1,5 миллион сомдук жардам жеткирди
24 май 2021
12 жаштагы Ритай аль-Хазми дүйнөдөгү эң жаш жазуучу аталып, Гиннестин рекорддор китебине кирди
20 май 2021
Израиль полициясы “Аль-Аксадагы” мусулмандарга кол салды. 200дөн ашуун жарадар
10 май 2021
Москванын “Крокус Сити Холл” чоң залында Пайгамбарыбызга ﷺ арналган “Өмүрдүн баалуулугу” аттуу кече өтөт
4 май 2021
Бишкек жана Чүйдө мечиттерде убактылуу жума намаздары окулбайт
3 май 2021
Макалалар
Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов