Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Оштун Имам-Ата айылында 1050 орундуу мечит ачылды

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 13 август 2021

Ош облусунда 1050 орундуу “Имам Ата” мечитинин расмий ачылуу аземи болду. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыяты кабарлады.

%article_title%

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы Имам-Ата айылында жергиликтүү айыл тургундарынын колдоосу менен 1050 орундуу “Имам Ата” мечити курулуп бүттү.

Мечиттин ачылыш аземине Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, дин аалымы Садыбакас ажы Доолов жана айыл тургундары катышты.

Иш-чара алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктады.

«Жаңы мечитиңиздер куттуу, берекелүү болсун. Аллах Таалам ушул мечиттин курулуш иштерине ар тараптуу салым кошкон бардык кызматкерлерге Бейиште да ушундай үй насип кылган болсун. Ылайым ушул мечитте туура багыттагы ислам тарбиясы берилсин. Ар кандай туура эмес багыттагы агымдардан Аллах өзү сактасын»,
–деди облус казысы.

Мечиттин курулуш иштерин жетектеген мечит имамы Юсуфхан мырзага облус казысы ыраазычылык баракчасын тапшырды. Мечиттин курулушуна жигердүү кызмат кылган жарандарга Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров ыраазычылык каттарды тапшырды.



Башка жаӊылыктар
Мусулман футболчуларына жаңы шарттар түзүлдү
25 октябрь 2021
Пайгамбарыбызга ﷺ салават айтып, Умрага жолдомо утуп алыңыз
21 октябрь 2021
Мусулман жазуучу Абдулразак Гурна адабият боюнча Нобель сыйлыгын алды
8 октябрь 2021
Республикалык Куран жарышы жыйынтыкталды.1-орунга Маллабаев Иброхим татыды
27 сентябрь 2021
Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. "Имамдардын күнү" атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт
15 сентябрь 2021
I “Куран жазы” республикалык Куран жарышы өтөт. Катышуу шарттары
30 август 2021
Британиялык Адам Мухаммед ажылык сапарга жөө аттанды. Меккеге 1 жылда жетет
18 август 2021
Өзбекстан мусулмандарынын муфтийи Усмонхон Алимов 72 жаш курагында дүйнө салды
16 август 2021
Айсулуу Тыныбекованын аэропортто теспе тартып отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду
29 июль 2021
10-августтан тарта чет өлкөлүктөр Умра сапарына бара алышат
27 июль 2021
2021-жылда курмандык чалууну биз менен бирге ишке ашырыңыз!
15 июль 2021
Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет
9 июль 2021
2021-жылдагы ажылык Сауд Аравиянын жарандарына гана өткөрүлөт
14 июнь 2021
Бишкек казыяты Баткен жана Лейлекке 1,5 миллион сомдук жардам жеткирди
24 май 2021
12 жаштагы Ритай аль-Хазми дүйнөдөгү эң жаш жазуучу аталып, Гиннестин рекорддор китебине кирди
20 май 2021
Газада Израилдин жардыруусунан набыт кеткендер 212ге жетти. 61и- жаш балдар
18 май 2021
Москванын “Крокус Сити Холл” чоң залында Пайгамбарыбызга ﷺ арналган “Өмүрдүн баалуулугу” аттуу кече өтөт
4 май 2021
Бишкек жана Чүйдө мечиттерде убактылуу жума намаздары окулбайт
3 май 2021
Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар