Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте “Азия мусулман айымдар” аттуу форум өтөт

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 24 сентябрь 2021

Бишкекте 3-октябрь күнү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Азия мусулман айымдар” форуму өтөт. Иш-чарага атайын конок катары Казакстандан белгилүү блогер, психолог, мотиватор Марзия Бекайдар чакырылды. Бул тууралуу аталган форумдун уюштуруучусу, “Ханыша центр” борборунун негиздөөчүсү Нурай Акылбекова билдирди.

“Азия мусулман айымдар” форумунда 4 спикер аялдарга тиешелүү бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелер тууралуу сүйлөйт.

Алар:

1- Аль-Азхар университетинин теология жана араб тили факультеттеринин бүтүрүүчүсү, учурда Кыргызстан Ислам Университетинде мугалим Саида Абдураимова;

2-Белгилүү казакстандык блогер, психолог Марзия Бекайдар;

3- Коомдук ишмер, “Оймок Арт” кийим студиясынын жетекчиси Айжан Акылбекова

4-Блогер, "Айымдар ң KG" бирикмесинин негиздөөчүсү Шахризада Аданова.

Уюштуруучу Нурай Акылбекованын айтымында, учурда мусулман аялзатына мындай иш-чаралар өтө керек. Суроо-талаптын болгондугу да бул нерсени бекемдеп турганын айтты:

“Биз аялдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө арналган “Ханыша центр” деген онлайн окутуу борборун түптөгөнбүз. 29-сентябрда ачылганыбызга 3 ай болот экен. Бул аралыкта 8000ден ашык айымга акысыз марафон өттүк. Вебинар, семинарларды уюштуруп жаттык. Анан ушул кыска аралыктагы топтогон тажрыйбабыздын негизинде бүгүнкү күндө айымдар өзүн жакшы көрүү, баалоо, өзүнө ишенүү, үй кожойкеси болуп бала менен отурганда убакытты туура колдонуу, жубайы менен жакшы мамиле түзүү сыяктуу маселелерде колдоого муктаж экени билинди. Форумга чакырыла турчу спикерлердин тизмеси да аудиториябыздын өтүнүчү менен түзүлдү. Буюрса, иш-чарага келип, айымдарыбыз өзүнө керектүү азык алып кетет деген үмүттөбүз. Айымдардын көйгөйлөрү жана алардын чечимдери Ислам дининин элегине салынып, психологиялык жактан да талданып айтылат”,
-дейт Нурай Акылбекова.

Форумда 4 спикер 1 сааттан даярданып келген темаларынын алкагында сөз сүйлөшөт, андан соң 30 минута суроо-жооп бөлүмүнө арналат.

Иш-чара тууралуу маалыматты өзүңүзгө сактап коюңуз:

Форум: “Азия мусулман айымдар”

Дата: 3-октябрь, жекшемби күнү

Сааты: 09:00дон 18:00го чейин, саат 12:00-13:00- түшкү тамактанууга убакыт берилет.

Өтүүчү жер: Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу

Билет баасы: VIP орундар (1-5 катар) – 1500 сом;

Premium орундар- 1000 сом;

Стандарт: 800 сом.

Байланыш номери: 0220 42 52 02

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Мусулман футболчуларына жаңы шарттар түзүлдү
25 октябрь 2021
Мусулман жазуучу Абдулразак Гурна адабият боюнча Нобель сыйлыгын алды
8 октябрь 2021
Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. "Имамдардын күнү" атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт
15 сентябрь 2021
I “Куран жазы” республикалык Куран жарышы өтөт. Катышуу шарттары
30 август 2021
Британиялык Адам Мухаммед ажылык сапарга жөө аттанды. Меккеге 1 жылда жетет
18 август 2021
Өзбекстан мусулмандарынын муфтийи Усмонхон Алимов 72 жаш курагында дүйнө салды
16 август 2021
Оштун Имам-Ата айылында 1050 орундуу мечит ачылды
13 август 2021
Түркиянын каржылоосу менен Африкада 15 000 адам бата турган кооз мечит курулду
3 август 2021
Айсулуу Тыныбекованын аэропортто теспе тартып отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду
29 июль 2021
2021-жылда курмандык чалууну биз менен бирге ишке ашырыңыз!
15 июль 2021
Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет
9 июль 2021
Бүгүн Аалымдар кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Тизме
26 июнь 2021
Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтүп жатат. Муфтийликке Замир Ракиев шайланды
26 июнь 2021
2021-жылдагы ажылык Сауд Аравиянын жарандарына гана өткөрүлөт
14 июнь 2021
Бишкек казыяты Баткен жана Лейлекке 1,5 миллион сомдук жардам жеткирди
24 май 2021
Газада Израилдин жардыруусунан набыт кеткендер 212ге жетти. 61и- жаш балдар
18 май 2021
Израиль полициясы “Аль-Аксадагы” мусулмандарга кол салды. 200дөн ашуун жарадар
10 май 2021
Москванын “Крокус Сити Холл” чоң залында Пайгамбарыбызга ﷺ арналган “Өмүрдүн баалуулугу” аттуу кече өтөт
4 май 2021
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37