Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дин аалымы, шейх Ахмед Махмуд Ал-Шариф өлкөбүздүн дин кызматкерлерине сабак өтөт

Сүрѳттѳр: КМДБ / Жарыяланды: 16 ноябрь 2021

Ал-Азхар университетинен келген дин аалымы, шейх Ахмед Махмуд ал-Шариф өлкөбүздөгү дин кызматкерлерине Матурудий акыйдасы боюнча эки апталык сабак өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

null

Кечээ, 15-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев Египеттеги Ал-Азхар университетинен келген белгилүү дин аалымы, шейх Ахмед Махмуд ал-Шарифти кабыл алып, Чүй, Ош облусундагы жана Бишкек, Ош шаарындагы дин кызматкерлерине Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча эки апталык сабактын өтүлүшү боюнча пикир алышты.

Муну менен катар тараптар ислам дининин баалуулуктары жана терс диний агымдардын алдын алуу боюнча дин кызматкерлерине тажрыйба керектиги талкууланып, окуу курсунун акырында атайын сертификат бериле тургандыгын билдиришти.

«Тренинг 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурулууда. Дин кызматкерлерибиздин Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча билимин тереңдетип, алардын квалификациясын жогорулатуу – биздин милдетибиз. Мындай окутууларга колдоо көрсөтүп, тажрыйбаңыз менен бөлүшүп жаткандыгыңызга жана чакыруубузду кабыл алып, келип бергениңизге ыраазычылык билдиребиз», - деди азирети муфтий.

Эскерте кетсек, дин кызматкерлерине уюштурулган окуу семинарынын жыйынтыгында катышуучуларга атайын квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаттар берилмекчи.

Тегдер: Islam House


Башка жаӊылыктар
Дин тутуу эркиндиги күнүнө карата тегерек стол уюштурулду
15 январь 2022
Москвада Мавлид кечеси 5 миң адамдын катышуусунда өттү
10 январь 2022
Мавлид кечеси Москвада уюштурулат
7 январь 2022
Түркия мусулмандары 930 миң адамды таза суу менен камсыздады
4 январь 2022
«Жоолугум - менин сыймыгым» долбоору Караколдо уюштурулду
30 декабрь 2021
Пайгамбарыбыздын ﷺ өмүр баяны боюнча сынак өттү
29 декабрь 2021
Алгачкы ирет мусулман офицер Мичигандын полициясын жетектейт
23 декабрь 2021
Кыз-келиндер арасында Куран, хадис, фыкх илимдеринен таймаш өттү
22 декабрь 2021
Мухаммед – Израилдеги эң популярдуу ысым
22 декабрь 2021
Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод ачылды
18 декабрь 2021
Мухаммад жана Салиха – Кыргызстанда эң көп ыйгарылган ысымдар
18 декабрь 2021
Кыз-келиндер үчүн республикалык Куран жарышы өтөт
17 декабрь 2021
Бельгия мусулман аялдары сотко жоолукчан келүүгө уруксат алышты
16 декабрь 2021
Дем алыш күндөрү “Хадижа” борбору уюштурган лекциялардын тизмеси
16 декабрь 2021
Алгачкы жолу жоолукчан айым Жогорку Кеңешке депутат болду
16 декабрь 2021
Япон окумуштуусу Түркиядагы мекендештерине Ислам негиздерин үйрөтүүдө
13 декабрь 2021
Агартуучулук ишмердүүлүгү үчүн алдыңкы айымдар сыйланды
9 декабрь 2021
Кубанган балдар, бактылуу энелер: Өзгөчө балдар үчүн майрам уюштурулду
4 декабрь 2021
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов