Бүгүн борборубузда “Жоолугум – менин сыймыгым” аттуу кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Анын аркасы менен 30 айым жоолук салынып, исламдагы бир парзын аткарышты.
Иш-чаранын демөөрчүсү, Ак-Босогодогу кыздар медресесинин устазасы Зулпукарова Ракыя апа кайрымдуулукту келини менен биргеликте өткөргөндүгүн белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:
“Биздин максатыбыз – кылган ишибиз аркылуу Жараткан ыраазычылыгына жетүү. Бардыгыбызга Аллах ыраазы болсун!”
“Жерге батпай, асманга учкандай болуп жатам. Уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирем. Мына мен 61ге чыгып калдым, мага окшогондордун жоолук салынуусуна себепчи болдуңуздар. Кыргызстаныбызда ыймандуулар көп болсун!” – дейт жаңы жоолук салынып, кубанычы койнуна батпай тургандардын бири.
“Жоолугум – менин сыймыгым” иш-чарасынын уюштуруучусу – коомдук ишмер, журналист Амаль Миранова бул долбоор бир гана Бишкекте эмес, башка дубандарда да өткөрүлүп жаткандыгын айтып өттү.
“Бул долбоордун ишке ашканына 2 жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр, эже-сиңдилердин демилгеси, колдоосу менен иш-чара бүгүн уланып жатат. Саамалык борбордо эле эмес, Кыргызстандын башка региондорунда да уюштурулууда. “Жоолугум – менин сыймыгым” – бул кайрымдуулук долбоор. Бул жерге келип жоолук салынган эже-сиңдилер белекке жоолук, көйнөктөрдү алышат. Аллах Таала ушундай жакшы ишке себепчи кылып койгонуна миң мертебе шүгүр айтам. Канчалаган эже-сиңдилер, апалар жоолук салынып, көзүнө жаш алып жаткандыгы бизди кубандырат. Долбоорго салым кошкон, акыркысына чейин берген эжелер өтө көп. Буюрса, бул долбоор токтобойт, уланат” – дейт журналист Амаль Миранова.
16 ноябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
31 июль 2023
20 июль 2023
20 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
30 май 2023
30 май 2023
18 май 2023
14 апрель 2023
17 январь 2023
6 ноябрь 2022
22 сентябрь 2022
21 сентябрь 2022
5 сентябрь 2022
2 сентябрь 2022