Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кубанган балдар, бактылуу энелер: Өзгөчө балдар үчүн майрам уюштурулду

Автору: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 4 декабрь 2021

Бүгүн Бишкекте "Бейиш балдары" жана "Датка айымдар жамааты" кайрымдуулук фонддору тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын энелерине арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү.

%article_title%

Борборго жети дубандан 200 бала социалдык коргоо бөлүмү уюштурган атайын маршруттук таксилер менен келишкен. Өзгөчө балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн түрдүү оюн-зооктор уюштурулду. Алар ырдады, бийледи, ойноду, сүйүктүү таттууларын жешти. Ал эми баатыр энелерге колдоо жана ыраазычылык сөздөрү айтылды. Атактуу ырчылар аларга арнап, мыкты чыгармаларын аткарып беришти.

%article_title%

“Иш-чаранын максаты - үйдө отурган энелерди жана балдарды коомго аралаштыруу. Бир аз болсо да майрамдык маанай тартуулап, аларга көңүл бургубуз келет. Ошондой эле балдардын акыбалын көрсөтүү үчүн бийлик өкүлдөрүн чакырганбыз. Кийин эшигин каккылап барганда түшүнүү менен кабыл алып, жардам берүүсүн каалайбыз”
, - дейт "Бейиш балдары" фондунун негиздөөчүсү Уркуя Парманова.

%article_title%

Салтанатка баштан аяк демөөрчүлүк кылган “Датка айымдар жамааты” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Венера Калыбаева буларга токтолду:

“Биздин фонддун түзүлгөнүнө 3 жылдын жүзү болду. Жеңил өнөр жайында иштеген айымдар муктаждарга жардам берүү максатында бул фондду түзгөнбүз. “Бейиш балдары” менен тыгыз байланыштабыз, жыл сайын ушундай майрамдарды уюштуруп келе жатабыз. Мындай иш-чараларды өткөрүүдө жүрөгүбүз жумшарып, кадимкидей рахат, энергия алабыз. Шүгүр келтиребиз, ыйманыбызды бекемдейбиз. Эң негизгиси, балдарга мыкты эмоция тартуулагыбыз келет. Алдыдагы эң чоң максатыбыз – кайрымдуу адамдардын колдоосу менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга стационар куруу”.

%article_title%

Бүгүн маанайыбыз эң жакшы. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Жараткан каалаган ой-максаттарына жеткирсин! Ата-энелерге, балдарга материалдык да, моралдык да чоң жардам болду”
, – дейт салтанатка чакырылган өзгөчө баланын энеси.

Майрамдык иш-чарага Президенттин аппаратынан; Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинен, Бишкек мэриясынан жана муфтияттан атайын өкүлдөр келип, сөз сүйлөштү.

%article_title%

Ошондой эле энелерге “Алай айымдары” жана “Нурлуу кайрымдуу кыздар” фонду атайын белектерин тапшырышты.

Эскерте кетсек, “Бейиш балдары” фонду 2019-жылы майып балдардын энелери тарабынан ачылган. Бул маараке уюштуруучулардын 18-жолку иш-чарасы. Мындай иш-чаралар Бишкекте эле эмес, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткөрүлүп келет.

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Дин тутуу эркиндиги күнүнө карата тегерек стол уюштурулду
15 январь 2022
Бириккен Араб Эмираттары 100 миң үй-бүлөгө жардам берет
13 январь 2022
Москвада Мавлид кечеси 5 миң адамдын катышуусунда өттү
10 январь 2022
Мавлид кечеси Москвада уюштурулат
7 январь 2022
Азирети муфтий Санкт-Петербургдагы мекендештерибиз менен жолугат
5 январь 2022
Түркия мусулмандары 930 миң адамды таза суу менен камсыздады
4 январь 2022
«Жоолугум - менин сыймыгым» долбоору Караколдо уюштурулду
30 декабрь 2021
Пайгамбарыбыздын ﷺ өмүр баяны боюнча сынак өттү
29 декабрь 2021
Дубайда Куран жаттаган абактагылардын жаза мөөнөтү кыскартылды
29 декабрь 2021
Аль-Харам мечити азиздер үчүн электрондук Куран иштеп чыкты
28 декабрь 2021
Кыз-келиндер аралык республикалык Куран жарыш жыйынтыкталды
26 декабрь 2021
Ош облусунда “Куран жазы” жарышынын тандоо туру өттү
23 декабрь 2021
Кыз-келиндер үчүн республикалык Куран жарышы өтөт
17 декабрь 2021
Алгачкы жолу жоолукчан айым Жогорку Кеңешке депутат болду
16 декабрь 2021
Дем алыш күндөрү “Хадижа” борбору уюштурган лекциялардын тизмеси
16 декабрь 2021
Араб каллиграфиясы ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине кирди
15 декабрь 2021
Агартуучулук ишмердүүлүгү үчүн алдыңкы айымдар сыйланды
9 декабрь 2021
Бишкекте "Жоолугум - менин сыймыгым" иш-чарасы аркылуу 30 айым жоолук салынды
28 ноябрь 2021
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов