Меккедеги Аль-Харам мечити көзү азиз жана начар көргөн мусулмандарга жардам берүү үчүн электрондук Куран китебин расмий түрдө киргизди.
“Haramain” аталган электрондук Куранда Брайль шрифтине негизделген алдыңкы технологиялар колдонулган. Анын узундугу дээрлик алты дюйм (1 дюйм=23 мм), туурасы 4 дюймду түзөт. Бул колдонуучулардын бир барактан экинчисине оңой өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Көздөрү начар көргөндөргө 100 Брайль электрондук түзүлүшү иштелип чыгып, аларды жайгаштырууга атайын текчелер даярдалып жаткандыгын жана жакын арада баары даяр болорун ыйык мечиттин басма сөз катчысы билдирди.
Мындан тышкары, Аль-Харам мечити Курандын Брайль арибиндеги кагаз нускаларын да сунуштады.
“Ар бир мусхаф (Куран нускасы) алты бөлүмдөн турат. Ошондой эле бизде азиз балдарга Ислам негиздерин үйрөтүүгө жардам берген Брайль буклеттери да бар”, - дейт мечиттин басма сөз катчысы Гази Аль-Тубьяни.
29 сентябрь 2023
29 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
20 июль 2023
20 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
1 июнь 2023
30 май 2023
13 май 2023
14 апрель 2023
31 март 2023
6 ноябрь 2022
22 сентябрь 2022
5 сентябрь 2022