Каракол шаарында “Жоолугум – менин сыймыгым” долбоорунун алкагында жыйырмадай айым жоолук салынышты. Ошондой эле аялдар үчүн атайын семинар уюштурулду. Бул тууралуу долбоордун уюштуруучулары билдиришти.
Каракол шаардык Казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Талгат устаз жоолуктун маани-маңызы, баалуулуктарын тушүндүрдү. Долбоорду баштаган Амаль Мирановага ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду:
“Жакшы иш баштапсыңар, Аллахым ыраазы болсун. Жоолук кийген айымдарга бекем ыйман тилейбиз. Зал айымдарга толуп калганы бизди кубандырды”
, - дейт ал.
“Иш-чара Каракол шаарында уюштурулганы мени аябай кубандырып отурат. Долбоордун максаты - ар бир ыйманга келген айымдын жакшылыгына түрткү болуу. Динде кыйноо жок, ар бир айым өз каалоосу менен жоолукка келет. Биз болгону ушул күнү эсте калаарлык деңгээлде жардам көрсөтөбүз. Албетте, Алланын ыраазычылыгы үчүн”
, - дейт долбоордун баштоочусу – коомдук ишмер, журналист Амаль Миранова.
Ал эми иш-чаранын арты менен жоолукка келген айым ыраазычылыгын төмөнкүчө билдирип өттү:
“Мен көптөн бери ниет кылып жүргөм. Сиздер себеп болуп бүгүн ниетиме жетип отурам. Уюштуруучуларга Аллах ыраазы болсун. Эң негизгиси, бүгүн жоолук салынгандардын жоолугу түбөлүктүү болсун”.
Каракол шаарында уюштурулган кезектеги кайрымдуулук иш-чара Куран сабактарын өткөн Марьям устазанын сунушу менен өткөрүлгөн.
“Жоолук салынам деген эжелерге демөөрчү болуп, көйнөк, жоолуктарын алып берген айымдарга терең ыраазычылык билдиремин. Каракол шаарынын мусулман айымдары ушунчалык ынтымактуу экенбиз. Кудайга шүгүр”
, - дейт Марьям устаза.
“Жоолугум - менин сыймыгым” долбоору буга чейин Бишкек, Нарын, Кочкор, Ош, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларында уюштурулган.
Башка жаӊылыктар
Христианчылыкты окуган япон дин таануучу жыйынтыгында Исламды кабыл алды
10 май 2022
10 май 2022
Аль-Аксада Рамазандын акыркы жума намазын 160 миң адам окуду
30 апрель 2022
30 апрель 2022
Рамазанда пайгамбарыбыздын ﷺ мечитин 14 млн мусулман зыярат кылды
26 апрель 2022
26 апрель 2022
Ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлүндү
21 апрель 2022
21 апрель 2022
Кыргызстанда Орозо Айт 2-май күнү белгиленет
21 апрель 2022
21 апрель 2022
Лондондо күн сайын масштабдуу ооз ачуулар уюштурулууда
20 апрель 2022
20 апрель 2022
Израиль аскерлери Аль-Акса мечитине кайрадан бастырып кирди
17 апрель 2022
17 апрель 2022
Малайзия Дүйнөлүк Ислам экономикасындагы лидер өлкө деп табылды
12 апрель 2022
12 апрель 2022
Анталиянын 2 миң мечитинде Куран хатым кылынууда
7 апрель 2022
7 апрель 2022
Өлкөбүздөгү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылып жатат
7 апрель 2022
7 апрель 2022
Айя-София мечитинде 88 жылдык тыныгуудан кийин таравих намазы окулду
4 апрель 2022
4 апрель 2022
“Жоолугум – менин сыймыгым” кайрымдуулук долбоору аркылуу 20 айым жоолук салынды
25 февраль 2022
25 февраль 2022
Түрк энелери Сирия жана Афганистандагы үшүгөн балдар үчүн жылуу кийимдерди токуп жатышат
22 февраль 2022
22 февраль 2022
Жалал-Абадда жоолук күнүнө карата иш-чара уюштурулду
7 февраль 2022
7 февраль 2022
Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү Ош шаарында белгиленди
2 февраль 2022
2 февраль 2022
Бириккен Араб Эмираттары 100 миң үй-бүлөгө жардам берет
13 январь 2022
13 январь 2022
Москвада Мавлид кечеси 5 миң адамдын катышуусунда өттү
10 январь 2022
10 январь 2022
Мавлид кечеси Москвада уюштурулат
7 январь 2022
7 январь 2022